АУДИО — Кыргызстан бизнес боюнча рейтинги аныкталды

АУДИО - Кыргызстан бизнес боюнча рейтинги аныкталды

Дүйнө боюнча эки жүздөн ашуун мамлекеттин ичинен Кыргызстан Doing Business — 2020-жылдын рейтинги боюнча сексенинчи орунду алды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк банктын атайын баракчасына жарыяланды. Бул абдан жакшы көрүнүш, анткени коңшу мамлекет Тажикстан бул көрсөткүч боюнча рейтингде 106-орунда.

«Салыштырмалуу методология менен эсептегенде Кыргызстанда бизнес жасоонун жеңилдешинин көрсөткүчү 100 баллга салыштырмалуу былтыркы 65,4 баллдан быйыл 67,8 баллга көтөрүлгөн. Башкача айтканда, Кыргызстан бул рейтинг боюнча дүйнөлүк лидерлердин ортосундагы айырмачылыкты жоюп келатат», — деп билдирген Бүткүл дүйнөлүк банктын атайын өкүлү Болормаа Амгаабазар.

Кыргызстанда ишкерликти алга жылдыруу максатында нормативдик-укуктук базаны чыңдоо максатында үч реформа жүргүзүлгөн:

  1. Калкты энергия менен камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча электрэнергия көзөмөлдөнүп жана инфраструктурасы модернизацияланды.
  2. Кыргызстан салык төлөөнү жеңилдетти. Пайыздык киреше салыгы менен пайдадан түшкөн корпоративдик салык бирикти.
  3. Салык боюнча бериле турган отчет берүү жеңилдеди, салык төлөө онлайн менен кете баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости