Азыркы парламент өздөрүн канчалык көкөлөтпөсүн, кыргыз тарыхында Атамбаевдин парламенти деген өлбөс-өчпөс атак алганы белгилүү.
Парламенттик шайлоо башталар жылга саналуу күндөр калды. Партиялар жана депутаттар ортосунда сүйлөшүүлөр, жылышуулар башталды. Арийне, электорат ортосунда да бүгүнкү парламентке ишенбөөчүлүк көбөйүп бараткандай. Парламенттеги “мимикалуу” өзгөрүүлөр буга шыкак. Эгер мамлекет башчылары алмашпаса, элдин ишениминде кечөөкү депутаттар кайра келет деген ой калкып чыкмак.
Атамбаевдик бийликти сүрөгөн партия: СДПК
СДПК чамгарактаган убак 2015-жылда калгандай. Демократиялуу мамлекетпиз деп канчалык жан үрөгөнүбүз менен, СДПКнын көпчүлүк мүчөлөрү СДПКны эмес, ким бийликте турса ошонун гана сөзүн сүйлөп бере турган адамдар экени белгилүү болуп калды. 2010 жана 2015-жылы СДПКны күч жана зордук-зомбулук менен бийликте сактап турган адамдардын көпчүлүгү куйругун кыпчышып, кимге кошулуп кетсем деп “кыңшылап” турат. Ыйлап жаткан наристе бала да саясатка аралаша баштады, алар деле айтышат СДПКнын көмүскө жетекчиси Алмазбек Шаршенович өзү жаздырып элге таңуулап келген мыйзамдарга өзү тушалып калды. Ал эми ал стаканын кармаса, алдына жата калып “закускесин” даярдап турган кечээки анын жасакерлери бүгүн Атамбаевдин башкы душмандарына айланган. Чыныгы демократиялуу мамлекеттерде деле бир партиядан бир партияга ооп кеткендер жок эмес. Ушул тапта 2020-жылы АКШ президенттигине талапкердикке талапкер демократиялык партиянын мүчөсү Блумберг мурда республикалык партияда экен. Бирок, аларда бирден-экиден. СДПК партиясынын лидери Атамбаевдин күнү бүркөлө баштаган соң, СДПК партиясынан депутат болуп келгендердин түн уйкусу качып, көпчүлүгү эртең кайсы партия парламентке келиши мүмкүн деп эшигин жырта баштады. СДПК партиясы алсырап барып, экиге бөлүнүп келечек шайлоодо жарамсыздыгын билдирип турат.
Атамбаевдик СДПК партиясынын “клону”: “Кыргызстан”
Атамбаев мыйзамды кабыл алууга күчү жеткен жок. Анткени, ал 2010-жылы бийликти алмаштырган соң ар бир аймакты өзү ээлеп калгысы келип мыйзамды уруп ойногон жок. 2010-жылдагы мыйзамдын “энеси” Атамбаевдик бийлик учурунда алкы-бузуктугунан соттолуп кеткен президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаев болсо, экөө бир төшөккө жатпаса да Башмыйзамдын “атасы” катары Өмүрбек Текебаев саналат. Өмүрбек Текебаев парламенттик мамлекет кылууга жанын үрөгөнү чындык. Ошондуктан, парламентке көп укук берилип, парламент төрагасы дээрлик мамлекет башчысынан өйдө турган. Мунун сыры, Өмүрбек Текебаев спикерлик орунду алып мамлекет башчысын “мамалатмак”. Тагдыр жазмыш кетти. Өмүрбек Текебаев ишенген Атамбаев да, өзүнүн карамагындагы “Ата-Мекен” партиясы да жетишерлик добуш ала алышпай, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон соң, Бабановдук “Республиканы” кошуп алышса да саясат айдыңынан сүрүлүп калышты.
Бул абалды ал кезде “Ата-Журт” партиясы оңдоп кетти. “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков парламенттик республиканын парламентин жетектеп, өзүн ар кимдин буйругун аткарган спикер эмес, президент менен салмакташа турган спикер катары көрсөтө алды. “Энесиби” же “атасыбы” ким билет үй-бүлө жетекчилеринин бири Башмыйзамда президенттин мөөнөтү бир жолу деп жазылып калды, эки жолу деп жазылыш керек деп андагы келечек президент Атамбаевге барат. Алты жылдан кийин эмне болуп кетерин аңдабаган Атамбаев ага анча маани бербей койот.
Ушул Башмыйзамда бир да партия жарымынан өйдө добуш ала албайт деген берене жазылган. 2015-жылы бул беренени Атамбаев куп аткарып “Кыргызстан” деген “клон” партияны түзгөн. Дагы бир топ партияда кимдер бар экенин тизмесин өзү түзгөн. “Кыргызстанга” Атамбаев ошол кезде эле көздөрүнчө эртең сатышы мүмкүн деген Канат Исаев, Каныбек Иманалиевдер лидер болушкан. Атамбаевдин башына күч келгенде эң биринчи муштум кезегендер ушулар болгон.
Атамбаевди колдобогон партияларо: “Ата-Мекен”, “Улуттар Биримдиги”
Парламенттик шайлоо алдында Атамбаев “Улуттар Биримдиги” партиясын уулуткусу келет. Ошондуктан, тышта жүргөн бул партиянын лидери Мелис Мырзакматовду сыртынан жалаа менен жети жылга кесип жиберген. Мырзакматов мырза да жөн жаткан жок, өз партиясын “Ата-Мекен” менен бирге парламентке аттандырат. Буга каршы турган Атамбаев “Улуттар Биримдиги” партиясын “сындырыш” үчүн, бүт бийликти каршы тургузат. Бардык башка фракциялардан айырмаланып Атамбаевге каршы Улуттар Биримдиги” партиясынын күчү менен “Ата-Мекен” келет.
Атамбаевге жасалма оппозиция болгусу келген партия: РАЖ
РАЖ же “Республика-Ата-Журт” фракциясы 2015-жылы шайлоо алдында бириккен. Атамбаев Бабановдун Ташиев менен биригишин каалаган эмес. “Бөрү баласы ит болбойт” деген принцип менен Бабанов “абиси” Атамбаевге жагыш үчүн Ташиевди ташыркатышка “хитроумный” пландарын даярдап, акыры шайлоо алдында Ташиевдин таш-талканын чыгарат.
Ак көңүл Ташиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо кайрадан Ташиевдер менен даам татып бирге шайлоого аттанган жатат деген сөз тарап жатат. “Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет” деген кеп бар. “Бабановго оозу күйгөн” Ташиев аны сүрөй турган электоратын башкаларга алдырбаса болду. Эгер Бабанов менен биригип экинчи ирет парламенттик шайлоого аттанса, бул кезге чейин ай-ааламды чапчып турган Ташиевден электораты оолактап кетсе, бул да туура болбой калат.
Атамбаевди колдогон партиялар: “Өнүгүү-Прогрес”, “Бир бол”
Бул партиялар 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Атамбаевди колдогон “Республика” партиясынын калдыктары. 2015-жылы парламенттик шайлоодо кимдер келет деп тизмелерин көрсөтүп жатышып, “атакеси” Алмазбек Шаршеновичтин батасы менен парламентке келгендер.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg