Атамбаевдин “матрёшка” кадрлары качан жоголот?

Атамбаевдин “матрёшка” кадрлары качан жоголот?

Атамбаевдин убагында иштеген кадрлардын баарын Атамбаевдики деп айтууга болбойт. Анткени, көпчүлүгү мурун эле иштеп, Атамбаевдин ордунда башка адам президент болсо деле иштей бермек. Атамбаев президент болгону үчүн милдеттүү “матрёшка”, “балашкалары” бар. Атамбаевдин “балашка” министрлери, атка минерлери, депутаттарынын көпчүлүгү “матрёшкадай” окшош: студент, консультант, инспектор, эксперт, референт болуп жүрүп бир күнү жин тийгенсип секирип кетип министр, депутат, зор атка минер боло калчу. Эгер Атамбаев президент болбосо алар бул мансапка келерин бир кудай билет. Бир топтору калп, чынын такташ үчүн тергелип жатат. Атамбаев көтөрүп келип, азыркы учурда жаңы бийликке өтө качкандарына гана токтоло кетели:

  1. Абылгазиев Мухаммедкалый, Кыргыз Республикасынын премьер-министри – Атамбаев бийликке келгиче катардагы кызматкер болгон, Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке келиши үчүн эч салым кошкон эмес, 2011-жылы Атамбаевдин президент болушуна балким акчалай жардам бергендир? Бакиевдик бийлик алмашар менен 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун жетектеген. “Май каймак” пенсияны тейлеп, элдин айтуусунда мамлекеттик “кошёлек” болгон имиш. Ар бир райондук Социалдык фондго тиешелүү мыйзамсыз акча каражаттарын салык салып койчу деп билгендер ушул кезге чейин кан-какшап ыйлашат дешет. Ушинтип жүрүп Кыргыз Республикасынын вице-премьерлигине, Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчисине, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьерине жеткен.
  2. Кененбаев Алмаз, Кыргыз Республикасынын президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары — Атамбаев бийликке келгиче Башкаруу институттунда студент болгон, Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке келиши үчүн эч салым кошкон эмес, 2011-жылы Атамбаевдин президент болушуна балким акчалай жардам бергендир? Кененбаевдер жаш болгону менен ким мамлекет башчысы болсо, ошону менен куда-сөөк боло калышат. Максим Бакиев Кененбаевдердин кызын алса, Роза Отунбаева да Кененбаевдер менен куда болгон. Атамбаев да Кененбаевдерден кыйгач кетпей СДПК партиясы менен Бишкек шаарына депутат кылып, Бишкек шаардык Кеңешине СДПК фракциясынан төрага кылган.
  3. Марипов Улукбек, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы, Атамбаев бийликке келгиче катардагы инспектор болгон, Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке келиши үчүн эч салым кошкон эмес, 2011-жылы Атамбаевдин президент болушуна балким акчалай жардам бергендир? Атасы Марипов Асамидин парламентке депутат болгон. “Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет” дегендей атасынын аркасы менен Атамбаевдин заманында Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын төрагасынын орун басары, 2016-жылдан Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы.
  4. Алимбеков Алмаз, “Кыргызалтындын” президенти — Атамбаев бийликке келгиче катардагы консультант болгон, Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке келиши үчүн эч салым кошкон эмес, 2011-жылы Атамбаевдин президент болушуна балким акчалай жардам бергендир? 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинде башкы адис, 2011-жылы «Талас Голд Майнинг Компаниде» бөлүм ачендиги, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде бөлүм башчы, 2014-жылдан “Кыргызалтындын” президенти. Мындайлар дале көп…

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости