Атамбаев жетектеген куданын партиясы «Улуу журт» «Улуу курт» болуп курттайбы же ЖКга келеби?

Атамбаев жетектеген куданын партиясы «Улуу журт» «Улуу курт» болуп курттайбы же ЖКга келеби?

Жогорку Кеңешке ат салыша турган партиялардын бири Жусупбек Шарипов жездесине таянып, чаптырганы аргымак Аргынбек Малабаев баш көз болору белгилүү. Бул партиянын төрагалыгына Атамбаев Керим шайланып, анын орун басары катары Аргынбек Малабаев менен Мирлан Жээнчороев, тоюз, Мирлан Жээналиев шайланган. Бул партиянын «киндик энеси» же көркөмдөп айтканда Умай энеси коммунисттик партиянын ишенимдүү желдети, партбосс, партиянын иши бүткөндө парламентке спикер болуп келип Чүйдүн эң пайда бере турган, 500 гектар дыйканчылык үчүн айдоо жеринен алып койгон Медеткан Шеримкулов улгайып төшөккө жатып калганына карабай турат.

Ал эми кудалардын парадын жетектеп турган Аргынбек Малабаев Темир Сариев өкмөт башында турганда жол, транспорт министри катары аны менен ээрчишип 2015-жылдын декабрында Кытайга иш сапары менен барат. Кыргыздын бизнеси алга өнүгүшүнө кедерги болуп Кытайдын аферист фирмасына Балыкчы-Корумду жолун салып берип элдин жапырт каршылыгы менен министрден кеткен. Ошол жылдары бүтө турган Балыкчы-Корумду жолу Чубактын кунундай чубалып, эми да биротоло чекит коюла элек. Ал эми ошол жолду Кытай ишканасына ыйгарган өкмөт башчысы Темир Сариев 2017-жылы президенттик аламан байгеге да катышууга үлгүрдү. Малабаевге кудай берип Жээнбековдор бийликке келер менен чүйлүк Адигинеге айланып, бир гана Адигинелер катышкан чоң той өткөзгөн. Анан акылына келип айдоо аянтын жегич солто Медеткан Шеримкулов менен Тагай бийдин урпактарынан жыйнап, бул тойдон көп узабай «Улуу журт» партиясын түзүп, парламенттик шайлоого баруу үчүн тизгинин чоюп, даярданып турат. Куда Малабаевдин партиясы «Улуу журт» «Улуу курт» болуп курттайбы же ЖКга келеби, бир кудай билет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости