Алмазбек Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары болуп турганда эле, келечектеги бийлик үчүн жанын сабап аракет кыла баштайт. Ошондуктан, андан мурунку Бакиевдик бийликти сатып, Атамбаевдин менчик партиясы эсептелген СДПКны колдогон мурунку бийликтин жогорку катмарынан: Аалы Карашев (атасы Азим Карашев көчөдө кетип бараткан адамды кумурскадай тебелеп кетсе да кечиришкен), Жантөрө Сатыбалдиев (Түштүк жарымпашаалыгын бийлеген), Токон Мамытов, Данияр Нарынбаев, Акылбек Жапаров, Нурханбек Момуналиев сыяктуу мителердин булганып калган кийимдерин тазалап, аларды бийлик башына алып келген. СДПК партиясы айрыкча 2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында чамынып, Текебаевдин “Ата-Мекени” менен биригип өздөрүнө ылайыктап Конституция түзүшкөн. Бул Конституция боюнча Атамбаев менен Текебаевдин кызыкчылыгы үчүн Кыргызстан –парламенттик мамлекетке айланат:
1. Атамбаев тарабынан Данияр Нарынбаев менен Текебаев бул Конституцияны чет элдик Конституциядан өздөрүнө ылайыктап гана көчүрүп жазышкан.
2. Атамбаев өкмөт башчысын, Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасын көздөп, буга чейин президенттик башкаруудагы Кыргызстанды парламенттик мамлекетке айлантышкан. Арийне, “Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет”, 2010-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо электорат алар ойлогондой чечкен жок. “Ата-Журт” партиясы алдыга оозуп, СДПК коалициялык көпчүлүксүз парламентте эч нерсе түзө албай калды. Биринчи, түзүлгөн коалиция СДПК, “Республика”, “Ата-Мекен” добуш ала албай калгандыктан, Текебаевдин спикер болом деген үмүтүнүн быт-чыты чыгып, “Ата-Журтка” ордун бошотуп берди.
3. Конституцияга президенттик мөөнөттү алты жылга, бир жолкуга гана чектегени, ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын полномочиесин алты жыл кылбай, азайтып, кийин 2016-жылдын 31-августунда Атамбаев тарабынан шылдыңга алынышынын себеби да, кызганычтын айынан болгон. Президент болууга чамынып турган Атамбаев Отунбаеванын президенттик мөөнөтү көп болуп кетет деп кызганып, бир жарым жыл болсун деген жыйынтыкта болгон, Текебаев кокус Атамбаев президент болуп, эки мөөнөт отурса, мен карып калам, ошондуктан президентке бир гана мөөнөт деп Башмыйзамга кошсок, эмки бийлик мага тийет деген ойдон улам, президенттик бийликти бир гана мөөнөт болсун деген экөө тең бир пикирде болушкан.
4. Парламентте депутаттардын санын 120га жеткирип, мамлекеттик бюджеттен чыгымдарды көбөйткөнү, кыргыз элин эмес, өз партияларын гана ойлошуп, мамлекетти талаган депутат -партия мүчөлөрү көп болсо экен деген максат болгон. Легендарлуу советтик парламент 350-депутат, андан кийин парламент экиге бөлүнүп мыйзам чыгаруучу дайыма иштеген -35 депутат жана 70 эл өкүлдөр жыйынына мезгил-мезгили менен чогулушкан. 2005-жылы 70 кишилик мажоритардык парламент шайланса, 2007-жылы 90 киши шайланган. Атамбаев менен Текебаев мамлекет ашып-ташып жаткансып 120га көтөрүшкөн.