«Арактын баасын азайтуу тууралуу» мыйзам кабыл алынды

«Арактын баасын азайтуу тууралуу» мыйзам кабыл алынды

Кайрадан ѳкʏлчʏлʏктѳ болдум. Рудзутак менен жолугушкум келди. Ал шаарда жок экен. Алгач Сталинге барууну ойлоп, анан кайра биринчи Рудзутак менен сʏйлѳшʏп алып барайын деп чечтим. Эгерде Рудзутак менен оӊ натыйжалар чыкпаса, анда тʏз эле Сталинге барууга туура келет…

25.08.1928

Рудзутакта болдум. Темир жолдун бутагы 1928-1929-жылдардын курулуштарынын планына киргизʏʏ тууралуу макулдаштык. Рудзуктактын ʏстʏндѳ отурганда мен бир гана темир жолдун бутагы тууралуу ойлор менен алаксып турдум. Мен баш-отум менен ишке киришкениме абдан кубандым. Рудзутактан чыгар менен анын элеси кѳз алдыма тартылып, ал тууралуу ойлор эзе баштады. Кандай кыйноо…

27.08.1928

Кʏндѳлʏктʏ окуп чыктым. Кандай шермендечилик. Кантип эле ушул кʏндѳрʏ бир да таасир калтыра турган акылдуу, сабаттуу ой-туюмдарын жаза албаган дѳдѳйгѳ айланып кеткем. «Маданият жана эс алуу багына» барып бир саатча ары-бери басып жʏрдʏм. Сайрандоочулар ʏчʏн абдан ыӊгайлуу жер. ЦИКтин президиумунун отурумуна катыштым. «Арактын баасын азайтуу тууралуу» мыйзам кабыл алынды. Каякка баратабыз жана эмнеге жетишебиз…

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 28.08.1928

Орус тилинен которуп даярдаган:

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости