Акындардын ырын “уурдап” трибунадан окугандарды азыркы депутаттар спикер кылып алышат

Акындардын ырын “уурдап” трибунадан окугандарды азыркы депутаттар спикер кылып алышат

15

Алымкан деген депутат

Бир күн оору, бир күн соо.

Бир күнү жакшы сөз айтса,
Бир күнү болсо келесоо.

Аракты көрсө тердеген,

Оорудум деп бир айда

Отуз күн боюу келбеген.

Колоктоп бирок күнүгө

Конокко барат эл менен.

Коньякты ичсе тердеген.

Карызка алса бирөөдөн

Кайтарып кайра бербеген.

16

Сараңбай деген депутат

Акчаны жасап тыйындан,

Кудай деп тутуп сыйынган.

Акчаны жутса кокустан

Алты күн боюу ыйынган.

Депутат болуп алган соң

Көрүнбөй эч бир жыйындан.

Көрсө базарда жүрөт

Байлык деп.

Жетип келет бир күнү

Бердиби бизге айлык деп.

17

Талантбек деген депутат

Таланттан жолу шыр болмок.

Жазганы муза, ыр болмок.

Шабашка эгер таппаса

Таптакыр эле чыр болмок.

Талантын эми байлаган,
Пегасын алыс айдаган.

«Бекбекей» айтып ЖКда

Евро алат жайнаган.

Комитет жакта колтоңдоп

Кол бошобойт пайдадан.

Миң бакс жутса түз эле,

Миллиондон өйдө чайнаган.

Ачка болуп калат го

Акынга келсе кайрадан.

18

Баксбек деген депутат,
Каттасын сыйлап сиз деген

Комитет жакта иштеген.

Капчыкка салып валюта

Катыра эле тиштеген.

Каттасын сиз деп сыйлаган,

Күн түшүп келсе кыйнаган.

Күн-түнү жанды тындырбай,

Дүнүйө мүлктү жыйнаган.

“Бийлик жакта тургандар, төө мингенсийт, бийлиги жок туугандар, жөө жүргөнсүйт”

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости