Айыл чарбасынын ашмалтайын чыгаргандар кимдер?

Айыл чарбасынын ашмалтайын чыгаргандар кимдер?

Айыл чарбасын ың-жыңсыз талкалап, колхоз-совхоздорду астын-үстүн кылып, айыл чарбасын чычкан аңдыган мышыктын кебетесине келтиргендер Бекболот Талгарбеков, Акылбек Жапаров, Эркинбек Чодуевдер:

1. Акылбек Жапаров айыл чарбасын тейлеген биринчи вице-премьер кезинде анын оозун кимдир-бирөө тырмагансып койлорду паспорттоштуруп, кочкор менен койлорду никелештирип ЗАГСтан өткөзүп, козуларга метрика беришибиз керек деп алкынып турган. Көрсө, муну айтканы үчүн ага чет мамлекеттен валюта шыгырап капчыгына түшүп жатчу экен.

2. Акаев доорунда Бекболот Талгарбеков деген болгон. Америкага барып “запойдо” жүрүп, кайра Кыргызстанга келгенде башы жазылып, айыл чарбасы боюнча реформа жасап далай дыйкандарды азапка салган. Эл арасында “талаачылыкты талкалап, айыл чарбасын аңга түрткөн Талгарбеков” деген ылакап сөз да бар. Анткени ал колхоз-совхоздорду жок кылып, элдин акыркы таянычын мүлжүп жеген. Өзбекстанда калып калган колхоз-совхоздор мамлекеттин бутунан турушуна өбөлгө болууда. Муну коомчулук жакшы билет. ”Укмуштуунун төөсү жорго” дешет кыргыздар. Бекер айтышпаптыр. Талгарбеков КРдин вице-премьер-министри болуп турган кезинде австралиялык кочкорлорду жергиликтүү койлордун пародасы менен аргындаштыруу боюнча долбоорду иштете баштаган. Бул максатта республиканын бюджетинен ири суммадагы финансылык каражаттар да сарпталган. Бирок аталган долбоордун жыйынтыгында бюджеттик акчалардын кайда кеткени белгисиз. Австралиялык кочкорлордун өздөрү турмак коргоолдору табылбай Талгарбековдун коколой гана башы калган. Австралиянын көздөрү көрүнбөгөн күрсүйгөн жүндүү кочкорлорун тыртайган Талгарбеков таптакыр дайнын билгизбей жымырып коюшунун өзү эле Бекболот мырзанын ар нерсеге шыктуу өнөрүнүн белгиси. Болбосо анча-мынча абийири болсо эл алдында отчет берет эле да. Жок. Талгарбеков “бээ көрдүңбү, төө көрдүнбү?-жок” дегенсип кара БМВ-Х5 машинеде чалкалап Чодуевдин колтугунда жүрөт.

3. Өзүнүн башындагы чөптү көрбөгөн адамдар же ашынган сынчы, же Чодуевдей ырчы болуп калышат экен. Бир кездеги тияк-бияктан жулуп чогулткан акчалар Чодуевди безге сайып тынчтык бербей жатабы? Атамбаев учурунда Чодуевдин бийик кызматтарга жетишинин себеби каякта? Эл билбейт дейт көрүнөт. Эл баарын байкап, билип турат. Андан да бир кызык нерсе, Чодуев Жалал-Абад обулусунда пахта иштетем деп бир жарым миллион долларды эмне себептен жеп койду эле? Көрсө, Чодуев Жалал-Абаддагы өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле баштаган экен. Эшикти жапса тешиктен, тешикти бүтөсө эшиктен, баарын чүмбөттөп салса түндүктөн түшчү Чодуев не себептен мынчалык жигердүү болуп калган. Бирөөнүн таза эмгегин жеген адамдар каргышка калышат дешет. Аттиң, бети калың мындай мырзаларга эч нерсе таасир этпейт го.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости