Айнек тилгичтер Айга учушту, мык саткандар мыкты миллиардер болушту

Айнек тилгичтер Айга учушту, мык саткандар мыкты миллиардер болушту

Айнек тилгич Кожобек Рыспаевдин башына бак конду. Афган согушуна катышып ай-амалдын арифметикасын жадыбалдай жаттаган Кожокең кожоңдоп ал кездеги ар кимди сатып жүрүп көнүп калган, темир генералдан “чүпүрөк генералга” айланып калган Феликс Куловдун колтугуна кирип, бир заматта мык саткандан мыкты саясатчыга айланды.

Эски “Правда”, эмки Ибраимов Жумабек көчөсүндө көпөлөктөй мык, кийин чочконун этин сатып жүрүп “аферизмдин” айланкөчөгүндө көчүгү айланган Кожобек Рыспаевдин айла-амалы күчкө толуп Куловдун “Ар-Намыс” партиясы менен Жогорку Кеңешке жеткен. Чочконун этинен кол кесээр алып үй-бүлөсүн үлпүлдөтө баккан, кызылды көрсө кыя өтпөгөн, бир гана начар жагы Япония сыяктуу жогорку стандарттуу мамлекеттерге парламенттин атынан барганда мейманканадан чыкпай сакенин атасын таанытып, ал эмес тыюу салган жерде тамеки тартканы үчүн кыргыз тарап бюджеттен акча берип араң кутулган. Ал эми Атамбаевден курсакка жеп жүрүп КСДПга өткөн Кожобек Рыспаевдин арааны ого бетер ачылып, алтынга кожоюн болуп, кечээки айнек тилгич, мык саткыч бүгүн Атамбаевдин оозун ачырган миллиардер болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости