Адамдын организмин кемирип бараткан оору сымал, бюрократизм бардык тармактарга жайылып баратат

Адамдын организмин кемирип бараткан оору сымал, бюрократизм бардык тармактарга жайылып баратат

…Кечинде Чоӊ театрга «Хованщинага» барып, биринчи акт бʏткʏчѳ араӊ чыдап отуруп, анан кете бердим. Кушнерлердикине бардым. Жакшы адамдар. Алар менен баарлашуу да жакшы.

30.08.1928

Тимирязев атындагы Академияда болдум.Катчы мени суракка ала баштады: «Ректор эмне ʏчʏн керек» — деп. Ушул окуу жайы эӊ демократиялуу болсо болмок, иш жʏзʏндѳ тескерисинче. Адамдын денесиндеги саламаттыгы чыӊ организмди кемирип бараткан оору сымал, бюрократизм бардык тармактарга жайылып баратат. Мага ушундай мамиле кылып жаткандан кийин, алар студенттерге кандай мамиле жасашат? Ипподромдо болдум. Жакшы ипподром. Тандамал кʏлʏк жылкылар. Украина алып жатат,Ташкент болсо кѳп жакшы эмес, акыркы орунда. Жылкы чарбасы ѳнʏккѳн бизге окшогон жерлерге ипподром керек. Бизде ипподром болсо абдан ʏлкѳн тарбиялык мааниси болмок, а бул жерде бекерчилер менен тотализаторлордун уюгуна айланган. Акчаны максаттуу коротконду билбейбиз.Харбинден келген телеграмма – Лашевичтин абалы ишенимсиз экендигин билдирип турат, партиянын мыкты уулдарынын бири, лениндик гвардиянын мыкты жоокери кете турган болду. Партиянын ХIV съездинде анын сʏйлѳгѳн сѳздѳрʏ эске тʏштʏ. Мен анда ал дагы кылым жашай тургандай сезилген, эрте эле ал дагы жок болот. Эски лениндик гвардиянын катары суюлуп баратат, алардын ордуна келгендерди Лашевичке окшогон большевиктин ордуна жʏздʏ берсе да алмашпас элем. Муну М. кантип кабыл алар экен, менин оюмча ал аны абдан урматтай турган.

Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн

MOCKBА. 31.08.1928

Орус тилинен которуп даярдаган:

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости