Абылгазиев футболго Салымбековдой мамиле кылса, кыргыз футболу Бразилиянын деңгээлине жетеби?

Абылгазиев футболго Салымбековдой мамиле кылса, кыргыз футболу Бразилиянын деңгээлине жетеби?

Футбол боюнча кыргыздар өркүндөп баратканы чындык. Бирманы (Мьянма) 7:0 эсебинде талкалап, монголдорду да жеңип алдыга чыкты. Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоого алуу сунушу менен чыкты.

Депутат Бакыт Төрөбаев акыркы мезгилдердеги Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаратып жаткан ийгиликтерине, жеӊиштерине токтолду. «Курама команда Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп келет. Муну менен элдин биримдиги, ынтымагы бекемделүүдө. Дүйнө жүзүндө ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Бул керек болсо идеологияга айланат», — дейт эл өкүлү.

Төрөбаев футбол адамдардын башын бириктирген оюн экенин, ал биримдиктин символу болуп калаарын айтып, мамлекет Кыргызстан элинин сүйүнүчү менен теӊ бөлүшүп, кыргыз курама командасын колдоого алышы керектигин баса белгиледи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости