Абактагы Алмазбек Атамбаев сотко барып элди чоочутабы?

Абактагы Алмазбек Атамбаев сотко барып элди чоочутабы?

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев сотко катыша турганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлгөн. Ишти Биринчи Май райондук соту карайт. Алгачкы жараян 2-мартта болот.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости