39 жаштагы аял баласын бир муштум менен өлтүрүп алды

39 жаштагы аял баласын бир муштум менен өлтүрүп алды

Москвада жергиликтүү тургун шал оорусу менен ооруган баласынын төшүнө бир уруп, өлтүрүп алды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, окуя 26-февралда болгон. 39 жаштагы аял майып баласынын жүрүм-турумуна жини келген. Баласы апасы менен математика сабагын окуудан баш тартып, ыйлаган. Эне баласын урушуп баштаганда, бала башка бөлмөгө чуркап кетет. Аял аркасынан барып, сабакты окууганга мажбурлаган, бирок ал көнгөн эмес. Ошондо жини келген энеси төшүнө муштум менен урган.

Бала дем ала албай, кырылдап баштаган. Аял “Тез жардам” кызматы чакырып, алар келгенче биринчи жардамды көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок, бала доктурлар келгиче каза болуп калды.

Аял баласын өлтүргөнүн моюнуна алып, өзүнө өзү кол салаарын айткан. Аны психиатриалык ооруканага алып кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости