Паспорттор чет мамлекеттерде даярдалбай, Кыргызстанда жасалды дегени деле өлкө имиджине, экономикага орду толгус кубаттоо болмок. Кыргыз паспортторунун болгондо да кылмыштуу топтордун колуна тийип калган көрүнүштөрү жакынкы эле эмес, алыскы чет мамлекеттерде да катталып жаткандыгы бийликтин беделине шек келтирүүдө. Мындай жасалма паспорттор 1994-жылкы үлгүдөгү эмес, жакынкы 2 – 3 жылдын ичиндеги эле жаңы паспорттор. Ошондуктан, тамырлашкан коррупциянын тамырын кыркууга эмнеге кайдыгер карашыбыз керек?! Бул мамлекеттин эл аралык аброюна чоң көө жаап жаткан көрүнүш да! Келише алгыс мындай көрүнүштөргө жооп бере турган министрликтер менен ведомстволордун жетекчиси алмашты, — деп эле суудан кургак чыгып кетпеши керек.
Жергиликтүү жарандардын өздүк документтеринин коопсуздугун камсыздоо максатында жети жылдан бери маселени «жетинчи кабатка» жеткирүү аракетин көрүш керек, — мамлекеттик документтерди даярдоону өлкө бийлиги өз колуна алмайынча чет жерлерде биздин жасалма паспорттор даярдалбайт, — деп ким кепилдик бере алат
Мамлекеттик маанидеги документтердин саны 350дөн ашат. Бирок, мамлекеттик деңгээлде алардын коргоого алынышына жооп берүүчү тарап табылбай жатканы коррупциянын эле айынан. Болбосо, мамлекеттик маанидеги документтер тууралуу мыйзам болушу керек эле. Ал жогунан бул ишти иреттей турган мыйзамдык жол – жоболордун бардыгын «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамга камтууга туура келүүдө.
Ички паспорттордун шек жараткан түрлөрү болбошу үчүн документтин колдонуу мөөнөтү белгиленген. Улам жаңы технологиялык ыкма менен алардын коргоочу белгилери жаңыртылып турат. Мисалы, азыркы биометрикалык паспорттордо жеке маалыматтардан турган чип болгондуктан, аны эч ким жасай албайт. Ошондой эле чет жакка чыгууга ураксаат берген паспорттун түрлөрү 2005 – жылдан бери карай жаңыртыла элек. Бул жагын да ойлонуп, коргоочу элементтерин жаңыртуу жагы караштырылууда.
Мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоодо «Учкун» ачык акционердик коомунун мүмкүнчүлүгү өтө кеңири. Имарат — жай, андагы иш шарты бардык талаптарга жооп берет. Бирок, ошол ресурстар учурда толук колдонулбай жаткандыгын айткан «Учкун» концернинин башкы директору Даир Кенекеев колдо туруп, колдонулбаган мүмкүнчүлүктөрдү текке кетирбесе болоорун билдирди. Мисалы, ошол эле «Учкунда» коңшу Казакстан, Өзбекстан менен Түркмөнстандагыдай маанилүү документтерди даярдоо колдон келет. Болгону уруксаат жана берилген бекем ишеним керек. Паспорт тууралуу талкуу болуп жатканда, ага коюлуучу номерлердин иреттүүлүгүн тактап, нумерациялоо иши «Учкун» тарабынан жүргүзүлүп, андан аркысы мамлекеттик каттоо кызматына тапшырылып турса деле отчеттуулукта оңтойсуздуктар жаралбас эле.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg