Аз бирок саз, катуу уктаган экемин. Жоготкон тʏштѳрʏмдʏ эстеп кѳрѳйʏн десем, кумдай чачырап кетиптир. Кол шилтеп койдум да, Шолом-Алейхемдин "Коммивояжерын" окуй баштадым. Кызыктуу жазылган китеп экен, бирок бары бир еврейдин жыты жыттанып турат.
Китеп окуп жатканым менен кѳӊʏлʏмдѳ кѳксѳгѳн оюмдун бары ал жѳнʏндѳ, канчалык китепти кунт коюп окуганга аракет кылганым менен, эмне окуп жатканым ѳзʏмѳ тʏшʏнʏксʏз болуп турду…
Ж. сен ѳзʏӊ кызык адамсыӊ. Эмне ʏчʏн сен башкалар сымал кʏн, минуталык жашоону ойлобой, ѳз жеке турмушуӊа кол шилтеп жʏрѳсʏӊ? Бир гана ой – бактысыз эл. Элди башкарууну мага окшогон кеӊкелеске ишенип берип койгон. Чынында эле мен элдин ишеничине татыксыз, ушунча эле кейбирминби? Жок. Бул туура эмес. Мен биздин элдин эӊ начар балдарынан эмес экенимди билем, ооба, эӊ начар эмес. Эмичи? Эми болсо эӊ акыркы жана эӊ алы жок кʏчсʏзмʏн. Кʏчсʏзгѳ жана акыркы адамга, жетекчиликтен орун жок. Ошондуктан, жетекчилик кызматтан кетиш керек, кетиш керек.
Мейли эл ишеничине татыктуу, кʏчтʏʏ адамды шайлап алышат. Ж. –М. болбосо басып жʏргѳн эле ѳлʏк. Тирʏʏлѳрдʏ ѳлгѳн адамдар башкара албайт…
Жусуп АБДРАХМАНОВ, Кʏндѳлʏктѳрʏнѳн
MOCKBА. 20.08.1928
Орус тилинен которуп даярдаган:
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg