Ар бир медициналык ооруканаларда дарыканалар тармагы бар. Ооруга чалдыккан шордуу дарыланууга дарыгерлерге барышат. Дарыгерлер ары-бери карамыш болуп, кокустан жата турган болсо жаткырышып, жатпаса да өздөрүнө тиешелүү дарыканалардан дары алууга жөнөтөт. Оорулуу өз жанынан өзү аямак беле, дарыгер кай жакка жөнөтсө ошол жактан кымбат болсо да дары алышат. Бул дарыканалар өзүнчө эле дарыгерлердин “үй-бүлөлүк мафиясына” айланып кеткен.
Эмне үчүн дарыгерлер өз дарыканасынан дары алдырышат?
Дарыланууга келген адамдардан ушул дарыканалардан гана соода кыласыңар дешип зордукташканында чындык бар. Бул дарыканаларды дарыгерлердин бир туугандары, жакындары ээлеп алган, булардын ким экенин тактап, сыдыргыдан өткөзө турган учур келди? Анткени, алардын соодасы өтүп турса, дарыгерлер да канчадыр пайызын капчыгына салышат. Ошондуктан, алар өз дарыканасын чымчык балапанын коргоп жаткандай коргошуп, ар бир келген пациентин өз дарыканасына жиберип жатканынын сыры ушунда. Бир да кишинин ооругусу келбегени айтпаса да түшүнүктүү. Анткени ооруганда жаныбыз кыйналганы аз келгенсип, көп көйгөйлөр жаралышы же бир топ акча кетиши мүмкүн. Андан тышкары, жумушка бара албай, же үй-бүлөбүзгө кам көрө албай калабыз. Ал эле эмес, башка бирөөнүн бизге кам көрүшүнө муктаж болуп калышыбыз ыктымал.
Бирөөнүн ден-соолугун ким карайт? Союз учурунда ар түрдүү улуттардын өкүлүнөн түзүлгөн дарыгерлер келген оорулууларга көңүл бурушуп, бардыгына бирдей мамиле жасаша турган. Учурда “Таанышың болсо танкасың” же болбосо акча гана тагдырды чечет. Ошондуктан, биринчи орунда тааныштар менен акчалуулар турушат да, калгандарына Гиппократтын антын берген үчүн гана суроо-сопкут беримиш болгону менен, өз дарыканасынан дары алгандан башка жарытылуу деле көмөк көрсөтпөйт. Өз дарыканасынан дары алганы, өз капчыгына тыйын түшүргөнү эмеспи.
Дары-дармектер жөнгө салынмай болду
Алкы бузук дары-дармек менен соода кылгандардын кекиртегине бөгөт жасалат. Буга чейин дары-дармектерди ташып келгендер өздөрүнүн каалаган бааларын коюп келишкендери аз келгенсип, өздөрүнүн дарыканаларынан саттырып, дарыгерлерге өздөрүнүн дарыканаларына рецепт жаздырып каралайман калкты кымбаттык менен тушап келишкен. Өз жанынан ким аясын, баалардын кымбаттыгына карашпай пациенттер кымбат дарыны алууга мажбур болушкан.
Кыргызстанга медикаменттин 97 пайызы сырттан ташылат. Доллардын баасынын өсүшүнө байлап, дарыканаларда баалар кымбаттаган учурлар байма-бай кездешет. Кыргызстанда дары-дармектин баасын жөнгө салган убактылуу эреже кабыл алынды. Тийиштүү токтомго өкмөт башчысы кол койду. Токтом эки айдан соң күчүнө кирет. Ага чейин баалардын электрондук каталогу түзүлүп, 90 күн аралыгында бардык фармацевттер дарыканалардагы бааларды ошого шайкеш келтирүүгө тийиш. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин дары-дармектин бааларын жөнгө салуу механизмин апробациялоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлөт.
Рак, өпкө, жүрөк-кан тамыр, кант диабети оорулары күчөп баратат, дарыгерлерди ким ардактайт?
“Биринчи байлык – ден соолук” деп кыргыздар илгертеден дени сак өсүү үчүн кам көргөн. Кайсы бир учурда эмчи, бакшы, молдо сыяктууларга ден соолугун тапшырып берген учурлар да болгон. Бүгүнкү күндөрү кыргыз элинде ден соолуктун камын көргөн ден соолук сакчылары болгон дарыгерлер ар бир айылдарга чейин адамдардын ден соолугунун какмын көрүп келишет. Булардын абалдары кандай, алсак, депутат Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлериин 92%ы иш ташташкандыгына парламентте токтолуп, бул бийлик бутактарына кагылган «коӊгуроо» экендигин баса белгилеп өткөн. «Бул керек болсо улуттук коопсуздукка шек келтирет»,- деген депутат алардын жазган арыздарында айлык маянанын аздыгы, тиешелүү шарттардын жоктугу, эӊ башкысы негизсиз текшерүүлөр болуп жатканы айтылганына көӊүл бурду. Эл өкүлү бул жагдай Баткенде ачык көтөрүлгөнү менен өлкөнүн башка аймактарында дагы курч турганын баса белгилеп кеткен.
Бакыт Төрөбаев медицинага жаӊы технологияларды алып келүү, бул тармакка илимий мамиле жасоо сыяктуу жаӊычыл иштер жүрбөй жатканын билдирип: «Аткаруу бийлиги медицина жаатында саясатты туура жүргүзө албай жатат», — дейт. Ошону менен катар Төрөбаев республика боюнча саламаттыкты сактоодо жүрөк–кан тамыр оорулары, өпкө, рак, кант диабети оорулары күч алып жатканын, эми депрессия менен жабыркагандардын саны көбөйгөнүн кошумчалады. Анткени, ал жерде иштеген элдин баары дарыгер эмес, айлык менен күн көрүшкөн медайым, санитарлар да бар.
Ден соолук сакчылары, ден соолук “кудайына” айландыбы?
Учурда эң кезек күткөндөр ооруканаларда гана калды. Бул жерлерде бир оорулууну көрүш үчүн атайын убакыт созушканы аз келгенсип, тааныштары келип калса кезеги жок кийирип отурушуп, кезектин аягы үзүлбөйт. Андан тышкары дарыгер каалаган убакта, каалаган убакка чейин жок болот. Ким ага айта алат, анткени кезек күтүп тургандардын ошол учурда “кудайы” ошол дарыгер эмеспи.
Дарыгерлер өздөрүн “кудайдай” сезип калгандыктан, өздөрүнүн жакындарын, балдарын дарыгер кылышат. Кызык, бир тааныш дарыгердин өз оозунан укканым, уулун мединституттан окутуп койсо, сырттан окуган адам сыяктуу, кээде барып, өзү бизнес жасап жүрүп бүтүптүр. Ушул адис дарыгердин дипломун алыш үчүн гана окуп жатканы билинип турат. Диплом алган соң бул бюрократ дарыгердин бирине айланат, ушуга окшогондорго бирөөнүн ден соолугу керекпи?
Эми бардыгына мындай терс сапаттарды таңуулоого болбойт, бир кезде күнү-түнү окуп бүтүрүп, элдин саламаттыгы үчүн күрөшүп жүргөндөр жок эмес.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg