Жолдошу жубайын тез тамак жасабагандыгы үчүн тирүүлөй өрттөп салды

Жолдошу жубайын тез тамак жасабагандыгы үчүн тирүүлөй өрттөп салды

Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну өз жубайын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен кабарлашты. Маалыматка караганда 12-февралда Сокулук ооруканасына күйүк алган аял келип түшүп, эртеси алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Аялдын өздүгү аныкталып, ал 42 жаштагы Сокулук районунун М. О. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Аталган факт КЖБРге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Шектүү катары анын 46 жаштагы М. А. аттуу жолдошу кармалды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча киши үйгө мас абалында келип, маркумдан тезирээк тамак даярдап беришин талап кылган. Ачууланган мас киши пластикалык бөтөлкөдөгү бензинди аялдын үстүнө чачып жиберген. Жубайы газ плитасын күйгүзгөндө өрт аны каптап кеткен. Алган жарааттарынан улам жабырлануучу ооруканада каза тапкан.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгендиги маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости