Жеңишбек Жумакадыр: “Бактылуулукту депутаттыкка байлап алган саясатчыларга таң калам”

Жеңишбек Жумакадыр: “Бактылуулукту депутаттыкка байлап алган саясатчыларга таң калам”

Жети күн тынбай ырдаган Жеңижоктой Залкарларыбыздан уучубуз куру эмес. Алардын катарын толуктаган, ак таңдай төкмө акындарыбыздын бири Жеңишбек Жумакадыр бүгүн, 25-февралда NazarNews маалымат агенттигине комузун ары жылдырып, учурдагы оош-кыйыш саясаттын жүрүшү тууралуу пикирин билдирди.

—Саламатсызбы Жеңишбек мырза, акыркы кезде кандай мааниде ыр-күүлөрдү жаратып, күйөрмандарыңызга кандай чыгармаларды чыгарып жатасыз?

—Жакында эле “Шедевыр” деген поэзия китебим жарыкка чыкты. Бир жылдын жүзү болуп калды “Ата-энем бейишим” деген китепти чыгардым. Китепке эки миңге жакын ата-энелерге арнап ыр жазыптырмын. Ошол ырларымды калбырдан өткөрүп жалпы элге чыгарсам деген оюм бар. Учурда балдарга таалим-тарбия бере турган китеп жазып атам.

—Саясатка көз салып турасызбы?

—Саясатка көз салбасаң деле, согуп аткан шамалдай болуп, бетиңе урунуп атпайбы? Фейсбук, Инстаграммды ачсаң, гезитти окусаң, сыналгыны көрсөң, чогулган жердин баарында деле саясат да. Айла жок, кулагың угат, көзүң көрөт. Биздин саясат өзү кызык эле саясат да. “Саясат” деген «сасык» деп коет го, негизи «сасык» болбош керек болчу, сасыткан ошо саясатчылар болду.

Жакында эле Америкага барып келдим. Ошондо биздин аткаминерлерге таарынычым пайда болду. Элементардык эле нерселерге көздөрү жетип турат, аны кылышпайт. Кыргыз катары мекениме ичим ооруйт. Эгемендүүлүк алгандан кийин “мен чоңмун” дегендин баарына таарынычым бар. Артта калган келечек жаш муундарды кантип, ушундай акыбалга таштап кетебиз деген ойлору да жок. Азыр мага көп айтып калышат “депутат болбойсуңбу?” деп, ушу бактылуулукту депутаттыкка байлап алгандарга таң калам. Депутат болбой эле ар ким өзүнүн кесибин кылса, ошондо мамлекетибиз алдыга жылмак.

—Кээ бир жаш акындардын чыгармачылыгынын өспөй калуусу эмнеде?

—Кандай талант болсо деле ошол өнөрдү кастарлап бакпасаң, гүлдөй кылып сугарбасаң, күндөй кылып мээримин төкпөсөң, толгонбосоң, ойлонбосоң ошондо чыгармачылык өспөйт да. Көп-көп эмгектениш керек. Мисалы, Барпы акын кой кайтарып жүргөндө бир куурайга өзүнүн башындагы тебетейин кийгизип, ошону карап тынбай тийишип ырдап, кайра куурайдын жанына отуруп алып, өзүнө-өзү жооп берген экен. Мурун ырчы менен акындар “мени КТРден чыгарбай атат, мени көрө албай жатат” деген сөздөр эл арасында кызуу айтылган. Азыр эми Ютуб деген бар, атыңды элге таанылтуу үчүн мүмкүнчүлүк учурда аябай көп, кыйынчылык жок.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости