Жарандык активист, Аманбол Бабакулов: "Жогорку Кеңеште күлкүнү келтире турган эл өкүлдөрү отурушат"

Жарандык активист, Аманбол Бабакулов:

Жарандык активист, Аманбол Бабакулов NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депуттары тууралуу пикирин билдирди.

«Учурда парламенттик республикада жашап жатканыбыз менен парламенттик эмес президенттик башкаруудабыз. Парламенттик башкарууда эл өкүлдөрү өлкө башчыбызды шайлашы керек эле, бизде президентти да, парламентти да эл шайлады.

Азыркы учурда башкаруунун башы жок деп айталам. Анткени, парламент өзүнүн фунциясын түшүнө албай «чимкирик парламент» аталып отурат.

Бул көрүнүштөр тарыхта алтын тамга менен калып калат. Ал эми ар бир депутаттарга токтоло тураган болсок, күлкүнү келтире турган парламент эл өкүлдөрү отурушат.

Эл ушундай эл өкүлдөрүнөн айрылыш үчүн, келээрки 2020-жылы өтө турган шайлоодо добушка сатылбашы керек!», — деди Аманбол Бабакулов.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости