— Быйыл боло турган парламенттик шайлоодо президент айткан жагдайлар эске алынып, партиялар арасында чыныгы атаандаштык орун алаарына ишенесизби?
— Президент, былтырдан бери ушул маселе боюнча унчукпай келген. Бирок, коомчулук бул маселе боюнча эбак эле кызуу талкуу кылып келет. Албетте, басымдуу көпчүлүк 5 пайыздын тегерегинде соз кылып, атүгүл, өтө прогрессивдүү жарандарыбыз 3% га чейин түшүрүү керектигин айтып жатышты. Бирок, жакында эле, президент парламентте сөз сүйлөп жатып, 7% дын тегереги бизге бир топ туура болмок деген оюн кыйытты. Демек, бул пикир, чөнтөк парламентке буйрук катары эле кабыл алынат. Себеби, ошол эле 9%ды деле дал эле ушул депутаттар колдоп беришпеди беле? Эгерде, чөнтөк парламент эмеспиз деп айтууну каалашпаса, неге анда президентке сөз кайтарып, “жок, биз өз кезинде саясий партиялар ирилешсин, идеялар көп деле болбойт, демек саясий көз караштар деле аз, ошондуктан ушул чечимди кабыл алганбыз!” деп кескин айта алышкан жок. Же, анча болду, тескерисинче, “Урматтуу президент, ал кезде каардуу Атамбаевден коркуп, а түгүл анын көлөкөсү болгон Фаридден жүрөгүбүз түшүп, 9% колдогонбуз. Бүгүн башка заман келди. 5% га түшүрөлү, чындап саясый атаандаштыкты күчөтөлү, жаш күчтөргө жол ачалы, сиз болсо калыс жана адилеттүүлүккө кепил болуп бериңиз!” деп айтышкан жок?
— Президент сөз кылган партиялар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламенттен колдоо таап, мандатты партия лидери гана чечпей турган кылып, ички демократияны орнотууга күчүбүз жетеби?
— Бул жөн эле жомок! Кайсы мыйзамдын долбоору болсо да, ал болгону кагазда жазылган бойдон эле калат. Эгерде, партиялык лидерлер мандаттын тагдырын чечпей турган кылууну президент чындап кааласа, анда ошол сунушталып жаткан долбоорлордун ичинен, преференциалдык ыкма менен шайлоо долбоорун неге колдобойт? Ошондо, шайлоочу алгач партияны тандап, андан кийин анын тизмесинин ичинен, өзү каалаган талапкерге добушун ыйгармак. Жыйынтыгында, сап башындагы “алтын орундарды” партия лидери 1 миллион доллардан сатып баштамак эмес. Азыркы өтө турган мыйзам долбоору, баягы эле “эски тепши”. Дагы эле, партиялык тизмени партиянын саясый кеңеши деген шылтоонун астында, партия лидерлери жеке келишимдин (сооданын) жыйынтыгында бекитет. Добуш ала турган жалындуу, бирок акчасы жок талапкерлерге “духтан” берип туруп, алдынкы фронкто жиберишет. Алар 1 ай бою эшектей иштешет, эл менен жолугушат, атаандаштар менен айтышат, чабышат, кээ бир кезде атышат. А шайлоонун жыйынтыгында, кайра эле көпөстөр парламенттеги жылуу орундарга барып олтурушат. Андан кийин партиянын ичинде чыр-чатактар башталат. Лидер алдаганын алдайт (3 же 5 айда мандат бошойт деп), болбогонун сатып алат, кээ бирлерине кызмат берип, баарысын чилдей таратат. Мына силерге ички демократия.
— Саясий партиялардын жоопкерчилигин жогорулаткан, партиядагы жеке бийликти жоготуу максатында жазылган мыйзамды президент колдорун айтканы менен неге азыркы шайлоодо колдонуудан чочулап, келерки шайлоодо колдонолу дегендердин саны көп болуп жатат?
— Президент чындыгында, балким ошол прегрессивдүү мыйзам долбоорлорун колдомок. А бирок президент толук бойдон, эч кимден көз каранды эмес деп кимиңер айта аласыңар? Ар түрдүү саясый, финансылык же башка милдеттемелери бар болгондуктан, өзү туура көргөндөй чечим кабыл ала албайт. Бүгүнкү президент — жогоруда аталган факторлордун туткуну. Кыргыз эл жомокторундагы абал эске түшөт – оңго кетсең атың өлөт, солго кетсең, өзүң…
— Текебаевдин өкмөттү сындаганы шайлоого жакын элдин көңүлүн буруу аракетиби же өкмөттүн эч нерсени эптей албаганы үчүн ачуу чындыкты айттыбы?
— Текебаев дагы деле эски жана текшерилген ыкмасы менен аракет кылып баштады. 5-чакырылыштын мөөнөтү аягына жакындап калган кезде, өзү көпчүлүк коалициянын курамында туруп алып, өкмөттүн курамындагы бир нече портфелдерди энчилеп алып, бирок ошол эле кезде өкмөткө тиш салып, президент Атамбаевди кескин сындап, публикага өтө катуу таасир калтырган. Саясый аналитикадан алыс болгон көптөгөн жарандарыбыз, “О баракелде! Карачы, баарынын бетине айтты, Текебаев маладес! Текебаев – эркек экен! “ деп жатып калышты. А чындыгында, ошол кездеги кейиштүү абалга Текебаев өзү да жоопкер экенин эч ким айтпайт. Айтсаң эле балээде каласың. ТОЧкисттер сени талап кетет. Азыркы кезде да, өзү үй камагында жүрүп алып, ар түрдүү тегерек, сүйрү же квадрат столдорго катышып, шайлоо босогосун азайтуу керек деп сайрап жүрөт. Андай экен, неге 5-чакырылышта эле, ошол долбоорду сунуштаган эмес? Эмне үчүн Атамбаевдин палачына айланып, анын жана өзүнүн атаандаштарын куугунтуктоо жана каматуу менен алектенди? Акырында барып, өзү да камалып, кордук көрдү (Таба эмес!). Текебаевдин катасы, өтө принциптүү жана таза жаш депутаттарын сатып, ар шайлоодо ар партиядан мандат сатып алып жүргөн саясый сойкуларды тизмесине кошуп алгандыгы. Башкасын айтпаганда деле, Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов сыяктуу жигиттер жанында болсо, балким ошол саясый тирешүүдө Текебаевди түрмөдөн сактап калышы мүмкүн эле. Ал эми бул жылы болсо, көзгө басаар саясый шериги болгон Шыкмаматовду да кубалады. Ар бир ирет эле, сиз калың элди алдай бере албайсыз. Жарандар азыр бир топ сабаттуу жана көп нерседен кабары бар. Текебаевдин айтканын гана кылуу керек, ал эми кылганынан кудай сактасын!
— Шалтурук, инвестиция тарталбаган, сындан башы көтөрүлбөгөн өкмөт эми чыйралышы керекпи же Текебаев саясий упай топтош үчүн айтты деп отура бериши керекпи?
— Азыр эң көп тараган кубулуш – импотент өкмөттү сынга алуу. Бейшекем айтмакчы, идея итте деле бар, бирок аны ишке ашыруу керек да! Аткаруу бийлигинде бир күндүк тажрыйбасы жок Текебаев өкмөттү сындабай деле койсо болмок. Азыркы өкмөт Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң бир чабал өкмөт болгонун мектептин окуучусу болбосо да, институттун 1-курсунун студенти деле билет. Адилеттүүлүк үчүн айтайын, Текебаев – парламенттик багыттагы күчтүү саясатчы жана мыкты төрага. Себеби, өз кезинде аны далилдеген. Бирок, аткаруу бийлиги туурасында теориялык гана түшүнүктөрү бар. Ал эми шалтурук өкмөт чыйралбай эле, канчалык эртерээк отстакага кетсе, ошончо эртерээк жаңы жана түзүгүрөөк өкмөт иштеп баштаса болот эле. Бирок, тарых көрсөткөндөй, 5-чакырылышты канча сындаганыбыз менен, 6-чакырылыш андан бетер сапасыз болуп чыкты. Демек, дагы кудай билет, кийинки өкмөткө кимдер келээрин. Маанилүү нерсе, азырке кейиштүү абалдын жоопкерчилигин Абылгазиев тартпайт. Ага баары бир. Кет десе, акырын гана колунан иш келбеген вицелерин ээрчитип кете берет. Бут шаалаакылык үчүн, коомчулуктун алдында, ошол өкмөткө ашкере ишеним арткан президент жооп берип калышы мүмкүн.
Чынайым КУТМАНАЛИЕВА
Булак: «Майдан.kg»