Улан Турдалиев: “Курултайда кечээки тарыхты анализдеп, бүгүнкү кырдаалга баа берип, келечекке пландарды түзөбүз”

Улан Турдалиев: “Курултайда кечээки тарыхты анализдеп, бүгүнкү кырдаалга баа берип, келечекке пландарды түзөбүз”

«Ата Мекен» партиясынын Бишкек шаары боюнча координатору менен маек…

Айрым саясат таануучулар “Кыргызстанда классикалык (эл менен иштеген, жергиликтүү, туруктуу структуралары бар) партия жападан-жалгыз эле “Ата Мекен” калды, калгандары шайлоо алдында түзүлө калган, же шайлоо алдында жандана баштаган уюмдар, партиялар” деп айтып жатышат. Чын эле “Ата Мекен” партиясы өзүнүн кезектеги съездин шашылыш мартка чакырып, ага кызуу даярдык көрүп жатат. Ушул ишемби күнү Бишкекте шаардык конференциясын өткөрөт. Съездге даярдыктар, облус-шаарларда өткөрүлүп жаткан партиялык конференциялар тууралуу “Ата Мекендин” Бишкек шаары боюнча координатору Улан Турдалиев токтолду.

— Улан мырза, “Ата Мекен” партиясы региондордо партиялык конференцияларын өткөрүп жатат. Сиз Нарын, Жалал-Абад, Талас облустук конференцияларына барып катышып келдиңиз. Облустардагы элдин маанайы, партиянын таасири кандай экен?

— Акыркы үч жылдан бери “Ата Мекен” партиясы күчтүү рейтинг алдында болду. Партиянын жүздөгөн, миңдеген мүчөлөрү ар кандай формада куугунтукка алынышты. Бүгүн партиянын мүчөлөрүн тактап, регионалдык уюмдардын жыйналышын өткөрүп, партиянын 20-мартта өтө турган XIII курултайына даярданып жатабыз. Курултайда кечээки тарыхыбызды анализдеп, бүгүнкү кырдаалга баа берип, келечекке пландарды түзөбүз.

Ал эми региондордо партиянын конференциялары жогорку деңгээлде өтүп жатат. Ооба, мен нарындык, жалал-абаддык, таластык конференцияларга катышып келдим. Айтып коюшум керек, бардык жерлердеги партиялаштарда дух, ишеним бар экен. Бардык жерде партиялык турмуш кызып жатканына күбө болуп жаттык. Конференцияларда тажрыйба менен жаштык айкалышы керек экендигин, партиянын ардагерлери менен жолугуп, алардын авторитети, алардын билими, кеңеши жаштардын жаңыча ой жүгүртүүсү, жигердүү энергиясы айкалышса гана ийгиликке жетерине ынанып жаттык.

— Өзүңүз мурда да “Ата Мекенден” депутаттыкка талапкерлигиңизди койгон элеңиз…

— Ооба, 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынан Ала-Бука району боюнча депутаттыкка талапкерлигимди койгом. Партияда тажрыйбам болгонуна карабай, мен да партиянын жаш, жаңыланып келаткан курамындамын.

— Сиз партиянын Бишкек шаардык координатору болдуңуз. Шаардык конференция качан өткөнү жатат?

— Бишкек шаардык уюм – өзгөчө партиялык уюм. Анткени, партиялык бүт жетекчилик Бишкек шаарында катталышкан. Бишкек өзү Кыргызстанда саясый-экономикалык орду менен айырмаланып турат. Бул – борбор шаар. Ошондуктан, Бишкек шаардык партиялык конференция биз үчүн чоң мааниге ээ. Даярдык кызуу жүрүп жатат. Буюрса, ушул ишембиде, 22-февралда шаардык конференция өтөт.

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости