Түшкө чач кирсе эмне болот?

Түшкө чач кирсе эмне болот?

Чач — жашоо энергиясын символдоштурат жана келбеттүү болгонун аян кылат. Эгер түшүндө чачы түшүп жатканын көрсө — ооруп калгандыгынын белгиси. Кокус түштө кимдир бирөө чачыңызды кыркып же жулуп жатса — чыныгы жашоодо да сиздин эркиңизге каршы иш кылганга даярданган бирөө бар, же мартабаңызды төмөндөтүүгө бел байлаган кептер болуп жатканы тууралуу белгилер.

Чачыңыздын узун болуп кулпуруп турганын түш көрсөңүз, сиздин сулуулук үчүн кам көрүп, бирөөгө жагууга аракет кылып жатканыңыз. Эгер чачыңыз карарып, бирок узун болгонун көрсөңүз, байлык жана жетишкендик деп жорулат. Эгер чачыңыз суюлуп, кыска болуп калганын көргөндө жетишпестик болорун ойлоп, сарамжал болуңуз.

Автор: Г. Белекова

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости