Президент болууга далалаттанып казактарга кыргыздарды дүңүнөн сатып ийгиси келген Бабановдун арманы

Президент болууга далалаттанып казактарга кыргыздарды дүңүнөн сатып ийгиси келген Бабановдун арманы

Көрүшкөнчө көздөрүмдөн чагылган,

Казактарга салган менин көпүрөм.

Кыргыз эли сага барбай жаңылгам,

Жетпей калып президентке өкүнөм.

Кайырма:

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм.

Казак ойлоп күнү-түнү,

Кимге айтып күйүтүмдү,

Кимге барып өтүнөм.

Таанышкыча табышмактуу казагым,

Тандап кеттим Орусия өлкөнү.

Пенза жакта цемент завод бар чыны,

Артык экен башка жердин көркөмү.

Кайырма:

Арбалдым да эми келдим,

Ала-Тоону көргөнү.

Акча алып эми келдим,

Ала-Тоону көргөнү.

Кала берем мекенимде бийлик деп,

Жүрсөм экен камагы жок аман-соо.

Кыргыз жерге шайлоо качан келет деп,

Көкүрөгүм жалын бүрккөн жанар тоо.

Кайырма:

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жанар зоо.

Казагым деп түш көрөмүн,

Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,

Жаңырыгы жанар зоо.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости