Спикер Дастан Жумабеков эмнеге бирөөлөр жазган ырды өзүм чыгаргам деп менчиктеп алат?

Спикер Дастан Жумабеков эмнеге бирөөлөр жазган ырды өзүм чыгаргам деп менчиктеп алат?

Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болгону жатат. Бардыгы президенттин келишин күтүп жатат.

Премьер-министр Абылгазиев:

— Маселе чече берели, бул сканворд боюнча кайсы суроо жеңил? Жарандардын тынчтык каршылыгын кайсы жерде өткөрүү ылайыктуу, алты тамга? -дейт.

— Көчөдө! –дейт Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

— Ак үйдө! –дейт президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев.

— Ашкана! -деп жеңип кетиптир тамак-ичкен менен бирөөлөрдүн ырын менчиктеп алганды жакшы көргөн спикер Дастан Жумабеков.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости