Шайтан эмнеге Эмил Бусурманкуловдон чоочуйт?

Шайтан эмнеге Эмил Бусурманкуловдон чоочуйт?

Токаев, Мирзиёев, Жээнбеков үчөө бир учак менен Москвага учуп баратышат. Аңгыча бир шайтан келип учактын моторуна илешип калат.

— Миллиард пайда берчү нефтимди ал, үстөгүнө миллиардер Владимир Кимди кошуп берейин, -дейт Токаев, шайтан ынабайт.

— Миллиард пайда берчү газымды ал, үстүнө миллиардер Салибай Абдувалиевди кошуп берейин, -дейт Мирзиёев, шайтан көнбөйт.

— Миллиард пайда берчү Кумтөрдү ал, үстөгүнө Эмил Бусурманкуловду кошуп берейин, -дейт биздики. Эмил Бусурманкуловдун атын угар менен шайтан көздөн кайым болуптур.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости