— Турсунбек мырза, президент Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө бир да партияга кирбесин, эч бир партияга жан тартпасын, баарына бирдей мамиле кыларын айтты. Сооронбай Шариповичтин мындай билдирүүсүнө кандай дейсиз?
— Ишенсек болот. Анткени, Сооронбай Шарипович андай сөздү жөн эле жерден айткан жок. Парламенттин улуу трибунасынан элге кайрылуу жасап, “бир да партияны колдобойм, бир да партияга жан тартпайм, калыс болом, таза шайлоо өткөрөм” деди. Президенттин бул сөзү элдин колдоосуна ээ болууда. Менин байкашымча, Сооронбай Шарипович бул кадамы менен мурдагы президенттерден өзгөчөлөнүп, калыс болууга, адилеттүү болууга далалат жасап жатат. Анткени, ал Бакиевдей, “Акжол”, Акаевдей “Алга Кыргызстан”, Атамбаевдей КСДПга артыкчылык берип, бир партиянын камчысын чапкысы келген жок. Себеби, өз партиясына жан тартуунун кесепети жакшылыкка алып барбасын түшүнүп, мурунку президенттердин катачылыгын кайталабоого аракет кылууда. Айтайын дегеним, өз укугун ашыкча пайдаланып жиберген Атамбаев президенттердин баарынан ашып түшүп, калпыстыкка жол берди эле, минтип аянычтуу тагдырга туш болуп калды. Сооронбай Шарипович мурунку президенттерден айырмаланып, таза шайлоо өткөрүп берерине бекем ишенем.
— Президенттин парламенттик шайлоонун босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүүнү колдогону туура эле болдубу же Кыргызстандагы саясый партиялар үчүн бул көрсөткүч да көптүк кылабы?
— Президенттин шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү керектигин айтканынын өзү эле бул маселеге кайдыгер карабаганын, коомчулуктагы талкууларды көз жаздымда калтырбаганын, элдин үнүн укканын, депутаттардын сунушун жана тегерек үстөл, конференциялардын жыйынтыгын эске алганы катары эсептейм. Кыскасы, “кой аксагы менен миң” дегендей, түрдүү пикирлердин баарын угуп, салмактап отуруп, орток пикирди чыгарды. Кыскасы, мамлекет башчысы баарына тегиз карап, эч кимдин көңүлүн оорутпай, башкаларды да басмырлабай орток пикир тапты. Ошон үчүн 7 пайыз туура эле деп ойлойм. 6-чакырылыштын депутаттары да 7 пайыздык босогодон өтүп, алты партия парламентке келген. Азыр беш же жети партия келсе деле жаман болбойт. 9 пайыз болгондо 2 же 3 партия келип, коомчулук дүрбөлөңгө түшүп калышы мүмкүн болчу. Өтпөй калган партиялар көчөгө чыгып кетип, стабилдүүлүк бузулмак. Президент ушул жагдайдын баарын эске алып, 7 пайызга токтолду. Депутаттар да колдоду.
— Неге президент колдогонуна карабай партиялардын жоопкерчилигин жогорулаткан, “мандатты жалгыз партия лидери чечпесин” деген партиялар жөнүндөгү мыйзам бул шайлоодо эмес, кийинки шайлоодо ишке кириши керек дегендер чыга баштады?
— Президент партиялар жөнүндөгү мыйзамды айтып, партиянын жоопкерчилигин эске салды. Анткени, Кыргызстанда партия лидеринин кысымына, басымына туш болгон жагдайлар арбын. Айтайын дегеним, депутат болгондон кийин да партия лидеринин чечими менен акчасын чачканына карабай мандатынан айрылып калган, укуктары тебеленген учурлар бар. Президент тизмеде көрсөтүлгөн кандидаттар депутат болгондон кийин мандаты алынбашы керек деген принципти карманып жатат. Негизи партиянын лидери монстр болбошу зарыл. Бул мыйзам кээ бир маселелер боюнча партия лидерлеринин ыйгарым укуктарын чектеп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануусуна чектөө киргизүүгө багытталат. Мына ушундай артыкчылыгы болгон үчүн ал мыйзам колдоо таппай, бул эмес кийинки шайлоодо ишке кириши керек деп жатышат. Анткени, алар дагы тайраңдап, өз билгендерин кылгысы келип жатат. Алардын жоопкерчилигин жогорулатып, ыйгарым укуктарын чектеген мыйзамды жактырбай жатышат. Кийинки шайлоого чейин ким бар, ким жок, аны бир Кудай билет. Кийинки шайлоодо дагы ызы-чуу болбош үчүн бул мыйзамды азыр кабыл алыш керек. Эч кимдин укугу тебеленбеши шарт. Партия лидерлеринин баарын жаман дегенден алысмын. Көбү элди ойлойт. Бирок, ошондой болсо да, алардын кызмат абалын чектеген мыйзам кабыл алып койсок ашыкча болбойт.
Булак: «АЗИЯnews»