Түбөлүк аз айлыктуу ишти, убактылууга көп айлыктуу ишке алмашса болобу?

Түбөлүк аз айлыктуу ишти, убактылууга көп айлыктуу ишке алмашса болобу?

Дүйшөмбү шаарына өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапар менен барып калса, Тажикстандын Ак үйүнүн төбөсүндө бир чукча отурат имиш.

-Эй, ал жакта эмнеге отурасыз? — дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

-Мен Тажикстандын президенти Улуу урматтуу Эмомали Рахмонго каршы күчтөргө абай салып турам. Эгер ага каршы күчтөр чогулуп жаткан болсо, көз ачып жумгуча тиешелүү жерлерге билдирип турам.-дейт.

-Канча айлык аласыз?-дейт, Мухаммедкалый Абылгазиев.

-10 миң сомони.-дейт.

-Сиз мага жагып калдыңыз. Сизге 100 миң сом айлык төлөйүн, биздин Кыргызстанга келип иштеп бербейсизби? — дейт.

-Чукча келесоо эмес, түбөлүк аз айлыктуу ишти, убактылуу көп айлыктуу ишке алмашпайт. – дейт.

Эмомали Рахмон 90-жылдардын башынан Тажикстанды жетектеп келатат. Бизде бешинчи президент.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости