Дүйшөмбү шаарына өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапар менен барып калса, Тажикстандын Ак үйүнүн төбөсүндө бир чукча отурат имиш.
— Эй, ал жакта эмнеге отурасыз? — дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.
— Мен Тажикстандын президенти Улуу урматтуу Эмомали Рахмонго каршы күчтөргө абай салып турам. Эгер ага каршы күчтөр чогулуп жаткан болсо, көз ачып жумгуча тиешелүү жерлерге билдирип турам, -дейт.
— Канча айлык аласыз? -дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.
— 10 миң сомони, -дейт чукча.
— Сиз мага жагып калдыңыз. Сизге 100 миң сом айлык төлөйүн, биздин Кыргызстанга келип иштеп бербейсизби? — дейт.
— Чукча келесоо эмес, түбөлүк аз айлыктуу ишти, убактылуу көп айлыктуу ишке алмашпайт, – дейт.
Эмомали Рахмон 90-жылдардын башынан Тажикстанды жетектеп келатат. Бизде болсо бешинчи президент бийлик жүргүзүүдө.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg