Төрага Дастанбек Жумабеков Дубай эмиратынын ханзаада мураскери шейх Хамдан бин Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту

Төрага Дастанбек Жумабеков Дубай эмиратынын ханзаада мураскери шейх Хамдан бин Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту

Бүгүн, 20-февралда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарындагы иш сапарынын алкагында Дубай эмиратынын ханзаада мураскери шейх Хамдан бин Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда ар тараптуу алакаларды арттыруу, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары, анын ичинен Дубай эмираты менен бардык тармактар боюнча байланышты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, соода, туризм жана инвестиция тартуу багыттарында биргелешип иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Дубай эмиратынын ханзаада мураскери шейх Хамдан бин Мухаммад бин Рашид Аль Мактум да бул жолугушуу өнөктөштүктү өөрчүтүүгө өбөлгө болорун белгилеп, Кыргызстан менен болгон кызматташтыктын келечеги кең экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык улуттук кеңешинин Төрагасы Сакр Гобаштын чакыруусу менен уюштурулган расмий иш сапардагы делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов бар. Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости