Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулду

Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулду

Бүгүн, 11-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Разаков Жеңиш Парпиевичтин отставкасы кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду» деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган.

Ал эми бир жума мурда вице-премьер-министрден ЕАЭБ иштери боюнча милдеттер алынган. Бул милдеттер жаңы дайындалган вице-премьер-министр Эрик Асрандиевге жүктөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости