Сооронбай Жээнбеков министр Азамат Жаманкуловду кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков министр Азамат Жаманкуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 24-февралда, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы маданият тармагын колдоо, өлкөнүн маданий объектилерин оңдоп-түзөө жана санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 2019-жылы республика аймагындагы бир катар маданий объектилер капиталдык ремонттон өткөрүлгөнүн маалымдады.

Алардын ичинде, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театры, С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры толугу менен оңдолуп-түзөлгөн.

Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында ремонт иштери башталды. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Азамат Жаманкулов Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөрдүн театры менен М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында капиталдык ремонт иштерин баштоо, ошону менен катар алардан алыс эмес жерде жайгашкан балдардын маданий жактан эс алуусуна багытталган К.Жакыпов атындагы паркты жакшыртуу пландаштырылганын билдирди.

Ошондой эле ал өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм искусство музейинин музей фондун санарипке өткөрүү боюнча иштер улантыла тургандыгын кошумчалады. 2019-жылы музейде 4 миңдей экспонат санарипке өткөрүлгөн.

Ушундай эле иштер Улуттук тарых музейи менен М.Фрунзе атындагы үй-музейде жүргүзүлмөкчү.

Музей фонддорун санарипке өткөрүү менен өлкөнүн бардык аймактарындагы тургундарга музейдеги экспонаттар жана маданий мурастар менен аралыктан таанышууга өбөлгө жаралат.

Ошондой эле министр өлкөдөгү 50 китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлору түзүлөрүн билдирди.

Аймактарда балдардын интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн борборлор жайгашкандай кылып китепканаларды кайра форматтоо мерчемделип жаткандыгын кошумчалады.

Президент балдарды колдоо демилгелерин кубаттап, адамдын, коомдун жана жалпы эле өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүндө маданияттын өэгөчө ордун белгиледи. Өлкөнүн маданий мурастарын сактоонун жана арттыруунун зарылдыгын баса белгилеп, маданият чөйрөсүнө мамлекет тарабынан мындан ары дагы чоң көңүл бурула тургандыгын айтты.

Ошону менен катар Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы эриш-аркак мамилелер жылынын алкагында бардык маданий иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости