Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 11-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү боюнча үстүбүздөгү жылга карата биргелешкен пландарды белгилешти.

Телефондук сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган үстүбүздөгү жылы Түркияда боло турган Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча даярдык маселелерин талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости