Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: “Генералдын мындай билдирүүсү эл аралык келишимдерге да, кошуналык мамилелерге да жатпайт”

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: “Генералдын мындай билдирүүсү эл аралык келишимдерге да, кошуналык мамилелерге да жатпайт”

— Таабалды Гапырович, Тажикстандын Согди облустук милициясынын начальниги, генерал Навджувоновдун билдирүүсү боюнча эмне айта аласыз?

— Мен ал тажик генералынын атын атагым келбейт. Ушундай чоң деңгээлдеги чиновник болсо да сабатсыздыгын, тарыхты жакшы билбегендигин көрсөттү. Эки элдин ынтымагына да жик салууда. Кечээ Тажикстандын ТИМинин билдирүүсүн окудук, “бул генералдын жеке пикири, расмий Душанбенин позициясы эмес” дейт. Биздин облустун же ОИИБнин жетекчиси ушундай маселе көтөрсө, тажик кошуналар тарабынан сөзсүз реакция болмок. Генералдын мындай билдирүүсү эл аралык келишимдерге да, кошуналык мамилелерге да жатпайт. Ошондуктан, биз муну менен эле токтоп калбай, өкмөт,ТИМ тажик бийлигинен мындай кишилердин “назик” участокто иштөөсүнө жол бербөөнү талап кылышыбыз керек. Ушундай жетекчилердин айынан эки элдин ортосундагы тирешүү күчөп кетиши мүмкүн. Мен ойлойм, Тажикстандын президенти аны кызматка эки элдин ынтымагын чыңдасын деген жакшы ой менен алып келген болсо керек. Ал болсо келе элек жатып мындай опуртал билдирүүлөрдү жасап жатат. Бир генерал айтып койсо эле Баткен эч качан алардыкы болуп калбайт. Баткен – кыргыздын жери, биздин ата-бабаларыбыз ал жерде эзелтен жашап келген.

— Кээ бир кесиптештериңиз тажик генералын нон-грант персонасы деп жарыялоону сунуштоодо. Буга сиз кандай карайсыз?

— Бир ОИИБнин жетекчисинин деңгээлин дүйнөлүк чоң саясатчы катары көтөрүп алганыбыз туура эмес болот. Биз тажик бийлигинен мындай жетекчилер чек арада, талаштуу жерлерде иштебөөсүн талап кылууга тийшпиз.

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости