Салкынай Алимбаева, Равшан Жээнбековдун жубайы: “Саясатчынын жубайы болуу кыйын, бирок аялынын колдоосу саясатчы үчүн өтө маанилүү”

Салкынай Алимбаева, Равшан Жээнбековдун жубайы: “Саясатчынын жубайы болуу кыйын, бирок аялынын колдоосу саясатчы үчүн өтө маанилүү”

—Равшан Бабырбекович менен акыркы жолу качан жолугуштуңуз? Өзүн кандай сезип жатат?

—Байкеңер абдан күчтүү адам. Оңой менен сынбайт. Жолдошумдун күнөөсү жок экени баарына эле маалым. Анын ак экенин «Барымтага алынган спецназдарды бошоткула» деп жан алакетке түшүп жүргөнүн видео-материалдар тастыктайт. Канча адамды коргоп калды. Акыры бир күнү адилеттүүлүк орноп, акталаарына ишенем. Жактоочубуз аркылуу керектүү нерселерди берип жиберип жатабыз. Тилекке каршы, бат-баттан жолугуп турганга мүмкүнчүлүк болбой турат.

—Кыйынчылыктар болуп жатабы? Саясатчынын жубайы болуш канчалык деңгээлде оор экен?

—Кой-Таш окуясы болгондон бери эле бир канча жолу күбө катары сурак берип жүргөн. Бирок, анын күнөөсү жок болгондуктан, камалат деп деп ойлогон эмеспиз. Ал эки жакка көпүрө болуп, ортодо кагылышуу болуп кетпесин деген аракетин кылган. Тилекке каршы, ошондон да саясат жасалып камалып отурат. Жолдошум жыйырма жылдан бери Кыргызстанда демократиялык реформалар үчүн күрөшүп келет. Он беш жылдан бери оппозицияда. Азыркы бийликтен коркпостон мындан ары да демократия, адам укуктары, укуктук мамлекет үчүн күрөшө берет. Бул баалуулуктарга өмүрүн арнаган адам. Саясатчынын жубайы болуу оор эле. Окуйм, иштейм дейт. Ага шарт түзүп бересиң. Эл көзүндө болгон үчүн ар кандай сөз ээрчийт. Ал башынан эле элим-жерим деген адам. Мамлекетке кызмат кылсам деген ниетин мен ар дайым колдоп келем. Саясатчынын жубайы болуу кыйын, бирок аялынын колдоосу саясатчы үчүн өтө маанилүү. Негизи эле мен жолдошумду баардык тараптан колдоп, кыйынчылыктарды чогуу жеңгенге жардам берип келем. Байкеңердин күчтүүлүгүнө суктанам. Канча кыйынчылык көрдү, сынган жок. «Мен силердин атаңардай адам менен жашаганым үчүн бактылуумун» деп балдарга көп айтам.

—Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

—Тун кызыбыз Айсулуу менен уулубуз Азат АКШда жашайт. Кызыбыз турмуш курган. Неберебиз бар. Андан кийинки кызыбыз Каныкей 11-классты аяктап жатат. Кичүүбүз Айжан 4-класста окуйт. Балдарыбызды кичинесинен эмгектенүүгө үйрөткөнбүз. Кийин чоңойгондо АКШда иштеп, өздөрү каражат таап жатышты. Айсулуу менен Азат абдан жакшы окуп, Барак Обаманын стипендиясын утуп, жеңилдетүү менен билим алышкан. Кичүүлөрүбүз да экөөнүн изи менен баратат. Учурда 3-4 тилде эркин сүйлөшөт. Атасын камакка алардын алдында Жаңы Жылды чогуу тосмок болуп сүйлөшкөнбүз. Бирок, башаламан болуп кетти. Атабыз камакка алынгандан кийин чыкканда көрсөтөбүз деп видеокуттуктоо жаздырып койдук.

—Жаңы үйлөнгөндө канча жыл батирледиңиздер?

—Азыркы жаштар оңой жашоону, даяр оокатты эңсешет. Бирок, мээнет кылганда гана баары аз-аздан болооруна даяр болуу керек. Биз жаңы үйлөнгөндө эки жактан ата-энебиз колдоп кичинекей үй алып беришкен. Оокатыңарды кылгыла деп жанына чакан дүкөн ачып беришти. Башкалар уктап жатканда түнү бою соода кылып, таң атпай товарга барып тынбай иштегенбиз. Кийин аздан бутубузга туруп улам чоң дүкөн ачып, машина алып, андан да чоң үйлүү болдук.

—Сиздердин үй-бүлөдө башкаларга үлгү болчу кандай эрежелер бар?

—Бири-бирибиздин оюбузду сыйлап, балдарга эркин көз караштагы тарбия беребиз. Балдарга сүйүүбүздү тынбай, тартынбай билдирип турабыз. Аларга өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк беребиз. «Жок, болбойт» деп кесе чек койбойбуз. Мындай балдар түнт болуп өсүп калышат. Балага канчалык эркиндик берсең, ошончолук өз оюн ачык айтып, лидерлик сапатка умтулат. Ал эми жолдошум экөөбүз кыйынчылык болсо бири-бирибизди колдоп турабыз. Эң эрежелер ушулар.

—Жолдошуңуздун кандай сапатын мактап айта аласыз?

—Абдан камкор жана күйүмдүү. Өзү жумушунан убакыт таап, балдарга бир күндү атайын эс алууга арнайт. Өз колу менен чучук, стейк, сэндвичтин түрүн жасап берип кубандырат. Бул күндү балдарым чыдамсыздык менен күтүшөт. Буюрса, атабыз чыкса биринчи кезекте үй-бүлөлүк эс алуу кылабыз. Жолдошум «Бир күндү майрам кылыш керек эмес, көңүл каалаган күндү майрам кылуу керек» деген көз карашты карманат. Күтүүсүз эле «Киного барып келели» деп ээрчишип кетебиз, же жөн эле гүл көтөрө келмей адаты бар. Мага, балдарыма күтүүсүз майрам кылганды жакшы көрөт. Равшандын үй-бүлөгө болгон мамилеси Европага барганда өзгөрдү. Мурда түйшүктүн көбү менде болчу. Кийин жардамдашканды үйрөндү. Биздин аң-сезимге сиңип калган «Баланы ата-эненин көзүнчө өппө, аялыңа үй-тиричилигине жардам бербе» деген түшүнүктү сындырып өтүшүбүз керек» деп көп айтат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости