Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева: “Атабыз чыкса, биринчи кезекте үй-бүлөлүк эс алуу уюштурабыз”

Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева: “Атабыз чыкса, биринчи кезекте үй-бүлөлүк эс алуу уюштурабыз”

Саясатчы Равшан Жээнбеков 12-декабрда камакка алынган. Ага өлкөдөгү 7-8-август күндөрү болгон окуяда “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алууга, баш аламандык уюштурууга катыштыгы бар” деген айып коюлууда. Равшан Жээнбеков мунун баарын саясий буйрутма деп эсептейт. Учурда алардын үй-бүлөсү тагдырдын сыноосун башынан кечирип жаткан кези. Бул күндөр да артта каларына ишеничибиз күч. Анткени Равшан Жээнбековду отуз жылдан бери коштоп келген күчтүү айым дайыма жанында.
— Салкын айым, сизге жолдошуңуз менен канча убакытта бир көрүшүүгө уруксат берилди? Анын абалы жакшыбы?

— Байкеңер абдан күчтүү адам. Оңой менен сынбайт. Жолдошумдун күнөөсү жок экени баарына эле маалым. Анын ак экенин “барымтага алынган спецназдарды бошоткула” деп жан алакетке түшүп жүргөн видео тастыктайт. Канча адамды коргоп калды. Акыры бир күнү адилеттүүлүк орноп, бошооруна ишенем. Жактоочубуз аркылуу керектүү нерселерди берип жиберип жатабыз. Тилекке каршы, бат-баттан жолугуп турганга азыр мүмкүнчүлүк болбой турат.
— Негизи, анын камалышы сиздер үчүн күтүүсүз болдубу?
— Кой-Таш окуясы болгондон бери эле бир канча жолу күбө катары сурак берип жүргөн. Бирок анын күнөөсү жок болгондуктан, камалат деп ойлогон эмеспиз. Ал эки жакка көпүрө болуп, ортодо кагылышуу болуп кетпесин деген аракетин кылган. Тилекке каршы, ошондон да саясат жасалып камалып отурат. Жолдошум жыйырма жылдан бери Кыргызстанда демократиялык реформалар үчүн күрөшүп келет. Он беш жылдан бери оппозицияда. Азыркы бийликтен коркпостон мындан ары да демократия, адам укуктары, укуктук мамлекет үчүн күрөшө берет. Бул баалуулуктарга өмүрүн арнаган адам.
Балдарыңыз үчүн өзгөчө чоң сокку болду окшойт. Кызыңыздын ыйлаганы көпчүлүктү жашытты...
— Мындай бурулушту күтпөгөндүктөн, баарыбыз нес абалда калдык. Балдарым атасына абдан жакын. Улуусунан кичүүсүнө чейин соң сокку болду. Тогуз жаштагы кызыма мектептеги классташтары: “Атаң түрмөдө отурат, эми силер Жаңы жыл тоспойсуңарбы? Сага ким белек берет?”- дешиптир. Ал өзүн жоготуп койбой: “Атам эки айга сапарга кетти, ал сөзсүз мага кайтып келет”,- деп жооп бериптир. Атасы ага кичинекей кезинен татыктуу жооп бергенди үйрөткөн. Биз өзүбүздү колго алып, атабызга дем-күч берип турганга аракет кылабыз. Бул сыноо убактылуу. Андан татыктуу өтөбүз. Балдарым атасынын кылмышкер эмес экенин билишет, бул иш анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин жакшы түшүнүшөт.

— Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
— Улуу балам Азат менен кызыбыз Айсулуу АКШда жашайт. Кызыбыз турмуш курган. Неберебиз бар. Андан кийинки кызыбыз 11-классты аяктап жатат. Кичүүбүз Айжан 4-класста окуйт. Балдарыбызды кичинесинен эмгектенүүгө үйрөткөнбүз. Кийин чоңойгондо АКШда иштеп, окуусуна өздөрү каражат таап жатышты. Азат менен Айсулуу абдан жакшы окуп, Барак Обаманын стипендиясын утуп, жеңилдетүү менен билим алышкан. Кичүүлөрүбүз да экөөнүн изи менен баратат. Учурда 3-4 тилде эркин сүйлөшөт. Атасын камакка алардын алдында Жаңы жылды чогуу тосмок болуп сүйлөшкөнбүз. Бирок баары башаламан болуп кетти. Атабыз камакка алынгандан кийин чыкканда көрсөтөбүз деп видеокуттуктоо жаздырып койдук.
— Жолдошуңузга саясаттан кет деп айткан учуруңуз болду беле? Дегеле атактуу адамдын аялы болуу оорбу?
— Оор эле. Окуйм, иштейм дейт. Ага шарт түзүп бересиң. Эл көзүндө болгон үчүн ар кандай сөз ээрчийт. Ал башынан эле элим-жерим деген адам. Мамлекетке кызмат кылсам деген ниетин мен ар дайым колдоп келгем. Саясатчынын жубайы болуу кыйын, бирок аялынын колдоосу саясатчы үчүн өтө маанилүү. Негизи эле мен жолдошумду бардык тараптан колдоп, кыйынчылыкты чогуу жеңгенге жардам берип келем. Андыктан антип айткан эмесмин. Мен жолдошумдун күчтүүлүгүнө суктанам. Канча кыйынчылык көрдү, сынган жок. “Мен силердин атаңардай адам менен жашаганым үчүн бактылуумун” деп балдарга көп айтам.
Байке менен кантип таанышып, баш коштуңуз эле?
— Экөөбүз тең Талас облусунан болобуз. Ал Арал айылынан, мен Жайылган деген айылданмын. Мектеп аралык ар кандай иш-чараларга экөөбүз тең активдүү катышчубуз. Ал спортко, уюштуруу иштерине жакын. Мен болсо ырдайм, бийлейм, кээде алып баруучу болом. Жылдызыбыз ошондо эле келишкен. Бирок кийин жогорку окуу жайда окуп жүргөндө мага сүйүүсүн арнады. Экөөбүз беш жыл кыз-жигит болуп жүргөндөн кийин кыргыздын салты менен баш кошконбуз. Турмуш курганыбызга отуз жыл болду.
Жаңы үйлөнгөндө канча жыл батирледиңиздер?
— Азыркы жаштар оңой жашоону, даяр оокатты эңсешет. Бирок мээнет кылганда гана баары аз-аздан болоруна даяр болуу керек. Биз жаңы үйлөнгөндө эки жактан ата-энебиз колдоп кичинекей үй алып беришкен. Оокатыңарды кылгыла деп жанына чакан дүкөн ачып беришти. Башкалар уктап жатканда түнү бою соода кылып, таң атпай товарга барып тынбай иштегенбиз. Кийин аздан бутубузга туруп улам чоң дүкөн ачып, машина алып, андан кийин чоң үйлүү болдук.
Сиздердин үй-бүлөдө башкаларга үлгү болчу кандай эрежелер бар?
— Бири-бирибиздин оюбузду сыйлап, балдарга эркин көз караштагы тарбия беребиз. Балдарга сүйүүбүздү тынбай, тартынбай билдирип турабыз. Аларга өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк беребиз. “Жок, болбойт” деп кесе чек койбойбуз. Мындай балдар түнт болуп өсүп калышат. Балага канчалык эркиндик берсең, ошончолук өз оюн ачык айтып, лидерлик сапатка умтулат. Ал эми жолдошум экөөбүз кыйынчылык болсо бири-бирибизди колдоп турабыз. Эң негизги эрежелер ушулар.
Жолдошуңуздун кандай сапатын мактап айта аласыз?
— Абдан камкор жана күйүмдүү. Өзү жумушунан убакыт таап, балдарга бир күндү атайын эс алууга арнайт. Өз колу менен чучук, стейк, сендвичтин түрүн жасап берип кубандырат. Бул күндү балдарым чыдамсыздык менен күтүшөт. Буюрса, атабыз чыкса биринчи кезекте үй-бүлөлүк эс алуу кылабыз. Жолдошум “бир күндү майрам кылыш керек эмес, көңүл каалаган күндү майрам кылуу керек” деген көз карашты карманат. Күтүүсүз эле “киного барып келели” деп ээрчишип кетебиз, же жөн эле гүл көтөрө келмей адаты бар. Мага, балдарыма күтүүсүз майрам кылганды жакшы көрөт. Равшандын үй-бүлөгө болгон мамилеси Европага барганда өзгөрдү. Мурда түйшүктүн көбү менде болчу. Кийин жардамдашканды үйрөндү. Биздин аң-сезимге сиңип калган “баланы ата-эненин көзүнчө өппө, аялыңа үй-тиричилигине жардам бербе” деген түшүнүктү сындырып өтүшүбүз керек” деп көп айтат.

Анара Дүйшөналиева.

Булак: «Леди KG»

Назар Новости