Президент Сооронбай Жээнбеков: Узак жана татаал макулдашуу процедуралары — ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга кириптер кылууда

Президент Сооронбай Жээнбеков: Узак жана татаал макулдашуу процедуралары — ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга кириптер кылууда

«Узак жана татаал макулдашуу процедуралары — ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга кириптер кылууда», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 12-февралда, Бишкекте өткөн Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы инвестициялык долбоорду ишке киргизүүгө талап кылынган мөөнөт орточо 3-4 жылды түзүүдө деп мисал келтирди.

Ошондой эле салык отчеттуулугу татаалдашканына жана соттогу узакка созулган салык чырларына байланыштуу Кыргызстан 2017-жылы Дуинг бизнес рейтингинде 138-орунда болгондугун эске салды.

«Акыркы эки жылдын ичинде санарип технологияларды киргизүүнүн натыйжасында көрсөткүч жакшырды — бул рейтингде 117-орунга көтөрүлдүк. Бирок 117-орун — мактанаарлык позиция эмес экендигин баарыңар билесиңер», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Назар Новости