Президент Сооронбай Жээнбеков: Элет жериндеги ишкердикти колдоо үчүн салыктык жеңилдиктер берилди

Президент Сооронбай Жээнбеков: Элет жериндеги ишкердикти колдоо үчүн салыктык жеңилдиктер берилди

«Элет жериндеги ишкердикти колдоо үчүн сезилээрлик салыктык жеңилдиктер берилди», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттинин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы өткөн жылдары элет жериндеги ишкердикти колдоо боюнча бир катар иштер жасалганын белгилеп, анын ичинде салык жагында берилген сезилээрлик жеңилдиктерди атап өттү.

«Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн мүлк салыгы 50 пайызга азайтылды. Пайдага болгон салыктан булар таптакыр бошотулду. Айылдарда ачылган жаңы өндүрүш ишканалары 5 жылга кирешеге, пайдага, жерге, мүлккө болгон салыктардан бошотулду», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Президент кошумчалагандай, жеңил өнөр жай тармагындагы 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн киреше салыгы азайтылган. Ар бир кызматкер мурда орточо эсеп менен 1500 сом төлөсө, эми орточо алганда 400 сомдон төлөшөт. Ушул эле ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин азайтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков административдик жолтоолорду азайтуу багытында бир катар иштер аткарылганын белгиледи жана 2021-жылдын январь айына чейин ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылга убактылуу тыюу салынганын эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости