Сооронбай Жээнбеков Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди эрдиктин, каармандыктын жана атуулдуктун майрамы — Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм.

Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз.

Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазылык билдиребиз.

Коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, ал эми мекенди коргоочу — коомдогу эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат.

Бардык кыргызстандыктарга ден соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди каалайм.

Жараткан колдоп, ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, ар бир үйдө бакубатчылык болсун!»

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости