Президент Сооронбай Жээнбеков Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо системасы, укук коргоо институтунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү чаралары талкууланды. Акыйкатчы жарандардын укуктарын жана эркиндигин бузуу фактыларын, кайрылууларын кароо жана текшерүү, алардын укугун калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Ал калктын кайрылууларынын көпчүлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнө, турак-жай маселелерине, медициналык, билим берүү жана башка тармактарда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына байланыштуу экенин баса белгиледи.

Токон Мамытовдун берген маалыматына ылайык, учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунуштала турган 2019-жылдын «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жөнүндө» Акыйкатчынын жылдык доклады даярдалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков адамдардын укугун коргоо, жарандык укукту жана эркиндикти басмырлоонун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүдө Акыйкатчы институтунун өзгөчө ролун белгиледи. Жарандардын кадыр-баркына жана эркиндигине шек келтирүү боюнча бардык фактыларга ыкчам чара көрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости