Өкмөт уктап, келечегибиз бокко булганып жатабы?

Өкмөт уктап, келечегибиз бокко булганып жатабы?

Бала саясат деген эмне экендигин түшүндүрүп берүүнү олигарх атасынан суранат экен.

“Алыс барбай эле биздин үйдү мисалга алалы. Мен акча таап келем, демек мен капитализм. Сенин апаң ал акчаны сарптайт, аны өкмөт деп коелу. Биздин үй кызматчы аял – жумушчу тап. Сен жалпы эл, сенин кичинекей бөбөгүң али жалайыкта жатат — ал биздин келечегибиз”, -дейт атасы.

Түн ортосунда бала жалаягын булгап алып ыйлаган бөбөгүнүн үнүнөн ойгонуп кетет. Апасы катуу уктап жаткан болот, эшикти ачпай коёт. Үй кызматкер аялга барса, ал атасы менен төшөктө экен, такылдатканына көңүл бурбай коюшат.

Эртеси атасы сурайт: “Балам, саясат эмне экендигин түшүндүңбү?”- деп.

“Капитализм жумушчу тапты кыйнайт, ал эми өкмөт уктап жаткан болот. Элге эч ким көңүл бурбайт. Бул убакта келечегибиз бокко булганып калган болот”, -деген имиш баласы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости