Нурболот Мирзахмедов, КР Өкмөтүнүн Жалал –Абад областындагы толук ыйгарымдуу өкүлү: “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясынын иши жогорку даражада экенине күбө болдук»

Нурболот Мирзахмедов, КР Өкмөтүнүн Жалал –Абад областындагы толук ыйгарымдуу өкүлү: “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясынын иши жогорку даражада экенине күбө болдук»

Жалал-Абад областынын жаңы жетекчиси, КР Өкмөтүнүн областтагы жаңыдан шайланган Толук Ыйгарымдуу өкүлү Мирзахмедов Нурболот мырза өзүнүн Ала-Бука, Чаткал районудоруна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Бозымчак кенин иштетип жаткан “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурдан пайдаланып биз областтын башчысына бир нече суроолор менен кайрылганга мүмкүнчүлүк алдык.

— Нурболот Сабыржанович, жаңы кызматыңыз кут болсун, ишиңизге ийгилик каалайбыз. Сиз жумушчу сапарыңыздын жүрүшүндө бүгүн “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясынын Тоо-кен байытуучу комбинатынын иши менен таанышып чыктыңыз. Ишканага кандай баа бересиз?

— Мен “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясынын Бозымчак кениндеги Тоо-кен байытуучу комбинатынын негизги өндүрүш объектилеринин иши, андагы жумушчулардын жашоосу жана эс алуусу үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгып, абдан ыраазы болдум. Бардык нерсе салыштыруудан көрүнөт эмеспи, мен эки күндөн бери Ала-Бука районунун аймагында иштеп жаткан кен казган инвестор компаниялардын иши менен таанышып чыктым. Кечээ эле мисалы, Иштамберди кенинде болдум. Салыштырып айтканда, эки ишкананын ошол жерде иштеп жаткан адамдар үчүн түзүп жаткан шарттары абдан айырмаланып турат. Ал жакта мага жергиликтүү тургундар тарабынан компанияга карата айтылган маселелердин баарын компаниянын жетекчилерине карап чыгууну тапшырдым, айтылган маселелер менин көзөмөлүмдө болот. Анткени ал жерде иштеп жаткан адамдар биздин жарандар болуп эсептелет. “Бозымак” тоо-кен байытуучу комбинатында болсо абал таптакыр башка экени комбинаттын аймагына кирерибиз менен эле байкалды. Тактап айтканда, мен эң заманбап технологиялар менен иштеп жаткан, ошону менен эле бирге адамдардын коопсуздугун биринчи орунга койгон өтө жогорку деңгээлдеги ишкананы көрө алдым. Чынында мен буга чейин көп тоо-кен компанияларында, мисалы, Чаткалдагы Кичи Чааратта, Кумтөрдө, башка жерлерде болгом. Ошонун арасынан “Бозымчак” тоо-кен комбинаты Кумтөрдөн калышпайт экен, болгону өндүрүштүк көлөмү жагынан гана чакандык кылбаса, калган жагынан бирдей эле даражада экен.

— Компаниянын ишиндеги кандай өзгөчө жактарын белгилеп кетер элеңиз?

— Бул жерде менин ичимде жылытканы биринчи кезекте мында иштеген адамдар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп берилиптир. Биз заманбап спорттук, кино залдарды, жайкы машыгуучу жайды, кенен, жарык ашкананы, уктай турган корпустарды, акыркы жабдуулар менен жабдылган заманбап медициналык пунктту көрдүк. Компаниянын өкүлүнүн айтымында, медициналык пункт бул жерде иштегендерди гана эмес, кандайдыр бир экстремалдуу учурларда тегеректеги айылдардын элине да жардам көрсөтүп турат экен. Комбинаттын аймагындагы тынымсыз жүргүзүлүп жаткан жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери, бардык жактагы тазалык жана тартип чынында эле башкалар өрнөк ала турган өтө бийик даражада экенин көрдүк. Экинчиден, бул жерде негизинен Кыргызстандын жарандары иштеп, алардын 40 пайыздан ашуун бөлүгүн кенге жакын жайгашкан эки айыл аймагы Көк-Таш менен Көк-Серектин тургундары түзөт экен. Бул абдан мактоого арзырлык көрүнүш. Анткени калкты жумуш менен камсыз кылуу бизде абдан курч турган социалдык көйгөй экенин баарыбыз жакшы билебиз. Мындан тышкары, компания эки айыл аймагында социалдык долбоорлорду да тынымсыз ишке ашырып турат экен. Үчүнчүдөн, комбинаттын негизги жүрөгү болгон өндүрүш объектилеринин бири – Байытуучу фабриканы көрдүк, андагы процесстер толугу менен автоматташтырылып, компьютер аркылуу гана башкарылат экен. Өзүңүз билесиз, экология маселеси бизде абдан курч турган маселе. Компания мына ушул экологиялык нормаларды толугу менен сактаарын калдык сактоочу жайдын мисалында көрдүк. Компаниянын адистеринин айтымында, бул жай КМШ мамлекеттеринин арасында алгачкы жолу коопсуз технология менен курулган экен. Бул жерде да коопсуздуктун бардык талаптары толугу менен сакталганын көрдүк.

— Инвесторлор менен иштешүү маселесине кандай көз караштасыз?

— Инвесторлор бизге аба менен суудай керек. Президенттин жүргүзүп жаткан саясаты да мына ушуну көздөйт. Чынында, бизде тартипти сактоого көңүл бурбай жаткан айрым инвесторлор бар экенин жашырбайм. Ошондуктан алар менен тыгыз иштешип, абалды оңдойбуз деген ойдомун. Бирок “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясындай өлкөнүн бардык мыйзамдарын так сактап, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ак ниет инвесторлорду кандай учурда болбосун, колдоого алабыз.

Бахтияр ШАМАТОВ

Булак: «Майдан.kg»

Назар Новости