Мирлан Жээнчороев: "Бабановдун партиядан кетиши оор жоготуу. Шайлоодо утуп чыгабыз"

Мирлан Жээнчороев:

— Мирлан Канатбекович, ЖМКларда “Республика” партиясынын алдыдагы шайлоого барар-барбасы арсар экени айтылууда. Лидер катары буга эмне дейсиз?

— “Республика” партиясы, албетте, шайлоого барат. Биздин партия – тажрыйбалуу партия. 2010-жылдан бери шайлоого катышып жүрөт. Босогону жөн эле багындырбай, көптөгөн ийгиликтерге жетүүдө. Ооба, Бабановдун партиядан кетиши (ал бизнести тандады, биз анын тандоосун сыйлайбыз) оор жоготуу. Бирок, бүгүнкү күндө “Республиканын” рейтинги абдан жогору. Анткени, биздин партияда көптөгөн программалык иштер бар, ал адамдар, идеялар менен камтылган. Ошон үчүн биз ал жоготууларга карабай, алдыга жылабыз. Кудай буюрса, биз шайлоого барабыз, утууга толук ишеним бар. Партиябыз конструктивдүү саясый партиялар, ар кандай инсандар менен диалогго ачык. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

— Сыр болбосо кайсы партиялар менен?

— Айтып койсок, сүйлөшүүнүн маңызы жоголуп калбайбы. Андыктан, азырынча ачык айта албайбыз.

— Шайлоо босогосу боюнча партияңыздардын позициясы кандай?

— Партияныкын айта албайм. Менин жеке позициямды билесиздер, 5 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилеринин биримин. Өз учурунда 9 пайызга чейин көтөрүп ката кылганбыз, ал катачылыкты оңдошубуз керек. Парламенттин ичиндеги саясый күчтөрдүн, же башка бир бийлик бутактарынын монополиясын бузууга жана жаңы саясый күчтөрдү алып келүүгө шарт түзүү зарыл. Эң башкысы, 5 пайыздык босого шайлоочулардын өкүлчүлүгүн кеңейтет. Эгер буга чейин 9 пайыздык босого аны 59 пайызга, 7 пайыздык босого 47-49 пайызга чейин кыскартып койсо, 5 пайыздык босого 60 пайыздан өйдө кылат.

— Кээ бир кесиптештериңиз “9 пайыздык тосмонун кабыл алынышына Жээнчороевдин эмгеги чоң” деп айтып жүрүшөт. Муну моюнга аласызбы?

— 9 пайыз менен биз партияларды ирилештирүү максатын койгонбуз. Бирок, тилекке каршы, ал болбойт экен. Коомубуз, саясый күчтөрүбүз ага жете элек тура. Ошон үчүн биринчилерден болуп өзүм ошол идеядан баш тартып, төмөндөтүү боюнча демилге көтөрдүм. Катачылыкты моюнга алыш керек. Мен качпайм андан.

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости