Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: “Республика” шайлоого сөзсүз барат”

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: “Республика” шайлоого сөзсүз барат”

— Кенжебек мырза, “Республика” партиясы шайлоого барар-барбасы белгисиз болуп атат” дедиңиз эле…

— “Азаттыкка” маеккке чакырышып, Бабанов жөнүндө сурашты. Мен айттым, “Бабанов өзү ачык айтып, саясый ишин токтотконун, аны менен катар партиянын лидерлигин өткөрүп бергенин бүтүндөй коомчулук алдында айтпадыбы” дедим. “Демек, Бабанов партияны да каржылабай калды да?” деген суроосуна, “албетте, ал партиядан кеткенден кийин партияны каржылоону да токтотот да” деп жооп бердим. Сөз ушундан келип чыкты. Бирок, “Республиканын” лидери азыр Мирлан Жээнчороев. Ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Тез аранын ичинде шайлоого бара турган партиянын жаңы курамын түзүү менен алек. А “шайлоого барабыз” деген чечимди саясый кеңеш кабыл алган, жаңы лидер тарабынан да айтылган. “Республика” шайлоого сөзсүз барат.

— Шайлоого барчу партиялар учурда съезддерин өткөрүп жатышат. “Республика” качан өткөрөт?

— Ооба, съезд өткөрө элекпиз. Бирок, азыр бизде съездге даярдыктар жүрүүдө. Шайлоого чейин дагы көп убакыт бар. Дагы айтып коёюн, партиянын шайлоого барары анык. Болгону, курамы азырынча аныктала элек. Анан шайлоого барыш үчүн Бабановдун акчасы эле чечпейт да. Быйылкы шайлоодо негизги маселе акча болбойт, элдин тандоосу болот. “Республиканын” рейтинги азыр деле алдыда экенине ишенем.

— “Республика” жалгыз аттанабы же кайсы бир күчтөр менен биригеби?

— “Республика” өзү барат. “Ата Журт” “өзүбүзчө чыгабыз” деп билдирүү кылышкан.

— А сизчи, кайсы партия менен барасыз? Айрым депутаттар бийликчил партияларга ооп жатышат…

— Мен “Респубика” партиясынын мүчөсүмүн, саясый кеңештин да мүчөсүмүн. “Республика” менен гана шайлоого барам.

Динар Турдугулова

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости