Каныбек Сарымсаков: «10 жылдыкты өткөрүүнүн ордуна классташыбыздын бөйрөгүн дарылайбыз!”

Каныбек Сарымсаков: «10 жылдыкты өткөрүүнүн ордуна классташыбыздын бөйрөгүн дарылайбыз!”

.үгүн 25-май – акыркы коңгуроо. Көпчүлүк классташтар 10, 20, 30 жылдыкка чогулуп, майрамдашат. Айрымдар шаан-шөкөттүн ордуна кайрымдуулук, соопчулук иштерин кылышат. 10 жылдыкты майрамдоонун ордуна жакшы иш кылгандардын бири — Сокулук районундагы Саз айыл өкмөтүнүн М. Жаныбаев атындагы орто мектептин 2007-жылкы бүтүрүүчүлөрү. Он жылдык өткөрүүчүлөрдүн бири — Каныбек Сарымсаков.

“Быйыл мектепти бүткөнүмө 10 жыл болуптур! Шаан-шөкөттүн ордуна классташтар кайрымдуулук иш кылалы деп чечтик.

Былтыр классташыбыз Нурбектин эки бөйрөгү соолуп калып, кайрымдуулук акциясын жүргүзүп, Индияга барып бөйрөгүн алмаштырып келген! Кудайга шүгүр, жакшы болуп келатат. Алмаштыргандан кийин жарым жылда бир барып көрүнүшү керек экен. Шартка жараша бара албай калган. “Жарым жыл болбосо да, бир жылдан кийин деле болот” деп биз, классташтар, 10 жылдыктын ордуна Индияга классташыбызды жөнөтөлү деп чечтик. Индияга барып келе турган билетин алып бермей болдук!

Андан тышкары, мектебибиздин 30 жылдык мааракесине карата марафон болот. Ал жакка да материалдык колдоо көрсөтөбүз. Жыл сайын салтка айланган 10-20 жылдыктар футбол турнирин өткөрөбүз!”,-дейт Каныбек Сарымсаков.

Булак: «NazarNews.kg»

Назар Новости