Бири-бирибизге гөр казбасак, анда эмне парламентте жүрөбүз?

Бири-бирибизге гөр казбасак, анда эмне парламентте жүрөбүз?

Байчыны, Кана, Бака, Золото менен бирдиктүү ЗАГСка турар күнүбүз апрелдин аягына белгиленди. Теке менен да никеге турам го. Текени көрөйүн деген көзүм жок. Мени улуусунтуп акыл үйрөтө берет. Мага мыйзамынын эмне кереги бар? Ал эми Бака менен күнүгө «свиданиеге» чыгам. Ал Канага үйлөнбөй калыштын жолун таап берди. ЗАГСка балдарыбызды чубуртуп, барын ээрчитип алат экенбиз. Анан ЗАГСтан «Кананы туттуңбу?» — деп менден сураганда, балдарым добуш беришет экен. Эгерде жарымысынан көбү добуш бербей койсо, анда никебиз кыйылбай калат тура. Ошол үчүн көп кол топтош керек дейт Бака. Өзүнүн балдарын бүт каршы добуш бердиртсе да жетпей атыптыр.

Анан бая күнү келген Теке бизди колдосо жеңиш биздики дейт. Текеге телефон чалсам, алар деле Кананы колдобойбуз дейт. Сүйүнгөнүмдөн буркурап ыйлап жибердим. Романтикалуу күндөр өтүп жатат. Менин баркым асмандап көтөрүлүп баратат. Мени чарк айланып жигиттер чуркап жүрүшөт. Өгүнү Кана мени ресторанга чакырды. Жанында бир жаш жигит отурат. Ал жигитке көзүм түшүп калды. Сүйлөгөнүнөн ал жигиттин акылдуу экени билинип турат. Бир гана менин Бакага гөр казып атканымды көп жактыра бербеди. Бири-бирибизге гөр казбасак, анда эмне парламентте жүрөбүз? Эмне мен анын тилин алып, көңүлүм сүйбөгөн адамга тийишим керекпи.

Күрт жээнинен күртүлдөмө

6 сериал, (Бабусянын күндөлүгүнөн);

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Назар Новости