Келечекте сүйүктүү жар, мээримдүү эне боло турган кыргыз кыздар силердин жардамыңыздарга муктаж

Келечекте сүйүктүү жар, мээримдүү эне боло турган кыргыз кыздар силердин жардамыңыздарга муктаж

Урматтуу мекендештер!

21-январь түнү, саат 23:30 чамасында кыргыздын жапжаш кыздары, 1997-жылы туулган Албина Исмайылжанова жана анын сиңдиси 2000-жылы туулган Жасмина Исмайылжанованы Москвадагы чоң көчөлөрдүн биринен машина коюп кетти. Аларды жумушунан чыгып, үйүн көздөй баратканда, жолдон машина уруп кеткен.

Көр тирилик айынан бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп жүргөн чырактай эки кыздын бири туугандары жардам берип, операция жасалды. Экинчи кыздын операциясына 200 миң рубль жетпей жатат.

Урматтуу бир туугандар, мекендештер, кырсык каш-кабактын ортосунда демекчи, буга кайдыгер карабастан, жардам колун сунууга чакырабыз. Көп түкүрсө, көл болот.

Келечекте сүйүктүү жар, мээримдүү эне боло турган кыргыз кыздар сиздердин жардамыңыздарга аябай муктаж болуп турат!

КМДБ кайрымдуулук фонду

Сбербанк:
4276 3801 2233 8911
(Содиров Белек М).

Байланыш тел:
+7925 123 10 13
+7926 939 92 26
+7916 013 83 32 Досбол

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости