Төрага Дастан Жумабеков коронавирустун тез арада токтошун тилек кылды

Төрага Дастан Жумабеков коронавирустун тез арада токтошун тилек кылды

Бүгүн, 13-февралдагы парламент жыйынында Төрага Дастанбек Жумабеков коронавирус дартынын жайылышына байланыштуу миңдеген жарандары жабыркап, жүздөгөн адамдары каза болуп жаткан Кытай Эл Республикасынын элине жана жетекчилерине Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтып, дүйнөгө дүрбөлөң салган оорунун тез арада токтошун тилек кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Эзелтен коңшу жашаган Кытай элиндеги бул жагдай Кыргызстандын элин да түйшөлтүп жатат. Андыктан, оорудан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалап, дартка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттерге тилектеш экендигибизди билдирем”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости