Дастан Бекешов, ЖК депутаты: "Аз жерден жаманатты болуп кала жаздадым"

Дастан Бекешов, ЖК депутаты:

— Дастан Далабаевич, жакында эле сиздин декларацияңыз катуу талкууга түштү эле. Анын жыйынтыгы эмне болуп бүттү?

— Ызы-чуу бүттү. Бирок, эч ким кечирим сураган жок. Менден ката кетпегенин түшүнүштү. Текшербей туруп жарыялап ийип, кичине туура эмес кылышкан да. Көрүштү документтерин, бүт баарын бердим. Бирок, тилекке каршы, публично эч жерден кечирим сурашкан жок.

— Бирдиктүү салык декларациясы боюнча көз карашыңыз кандай?

— Бирдиктүү салык декларациясы киргизилиши керек. Бирок, ачыгын эле айталы, биздин жарандар али ага даяр эмес. Ошондуктан, биз анын мөөнөтүн жылдырып жатабыз. Бирок, ким көп киреше тапса, сөзсүз, милдеттүү түрдө декларация толтурууга тийиш. Биз азыр 2021-жылдан 300 миң сомдон ашык киреше тапкан жаран декларациясына көрсөтсүн деп жатабыз.

— Сиздин өз мүлкүңүздү жашырбаганыңыз такталып, түшүнбөстүккө чекит коюлуптур. Ал эми мүлкүн чындап эле жашырып, же башка бирөөлөргө каттатып койгондорго карата кандай чара көрүлүшү керек деп ойлойсуз?

— Жашырса, бизде жаза кодекси бар, ошонун негизинде аларды жоопко тартуу керек. Бул туура эле. Өзгөчө саясатта жүргөндөр өз мүлкүн жашырбоого тийиш. Ким мүлкүн жашырчу болсо, аларды жоопкерчиликке тартып, коомчулукка көрсөтүү кажет. Бирок, адегенде текшерип, аныгын билүү зарыл. Мен өз башыман өткөрбөдүмбү, текшербей эле жарыялап ийишип, жаманатты болуп кала жаздадым.

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости