Дарек: Шашылыш кабар! Коронавирус чыккан мамлекетте жүргөн Кыргызстандыктар өзүңөр жөнүндө малыматты элчиликке кабарлаңыздар!

Дарек: Шашылыш кабар! Коронавирус чыккан мамлекетте жүргөн Кыргызстандыктар өзүңөр жөнүндө малыматты элчиликке кабарлаңыздар!

Коронавируска кабылган Кытай, Түштүк Корея, Иран, Япония, жана Италия мамлекеттеринде жүргөн биздин жарандарга, Кыргызстандын Тышкы иштер министири кабар берип коюусун өтүнөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кыргыз ТИМи жана Корея, Иран, Япония, Швейцариядагы дипломатиялык өкүлдөрү ал жактагы кыргызстандыктардын тизмеси тактап, маалыматтарды күнү-түнү топтоп жатышат. Бул ыкма эгерде жарандар өзгөчө кырдаалда кайрылып калса, тез арада жардам бере салуу үчүн жасалып жатканы айтылды. Муну менен катар Швейцариядагы консулдук округ Италияны да камтыйт.

«Коронавируска кабылган Кытай, Корея, Иран, Япония жана Италия мамлекеттеринде жүргөн биздин жарандарга жашап жаткан даректерин, байланыша турган телефондорун жана маанилүү деп эсептеген маалыматтарын ошол мамлекеттеги Кыргызстандын элчилигине билдирүүнү суранабыз», — деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Мындан тышкары министрлик вирус боюнча абал турукташмайын аталган мамлекеттерге барбай турууну элге эскертет.

Чет мамлектте жүргөн кыргызстандыктардын коронавирус жана эпидемиологиялык абал туурасында суроолору болсо төмөнкү даректерге кайрылуу керек:

1. КР ТИМинин консулдук кызматы. Дареги: Бишкек ш., Тоголок Молдо көч., 10, иш телефон (+996 312) 663405 (ички номер 105, 109, 119), 660811 (ички номер 105, 109, 119).

2. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги. Дареги: H 10/11 King»s Villas № 18, Xiaun Road, Beijing 100016, China, иш телефон (+86 10) 64681297, e-mail: kgembassy.cn@mfa.gov.kg, чукул кырдаалда байланыша турган номер: +86 132 602 03680; +86 135 819 02801.

3. Гуанчжоу шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу. Дареги: Room No. 707, Grand Tower No. 228, Tianhe Road, Guangzhou, 510620, China, иш телефон (+86 20) 38013875, e-mail: kgconsulate-guangzhou@mfa.gov.kg, чукул кырдаалда байланыша турган номер: +86 139 250 51627, +86 186 660 93015.

4. Үрүмчү шаарындагы Кыргызстандын ТИМинин виза пункту. Дареги: №876, Davan Bei, Urumqi city, China, 830063, e-mail: kgconsulate.urumchi@mfa.gov.kg, чукул кырдаалда байланыша турган номер: +86 133 256 29147, +86 185 990 44747.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости