Бактыгүл Идирисова: “Көздү сактагыла! Табият берген көрүү бактыбызды колдон чыгарбашыбыз керек”

Бактыгүл Идирисова: “Көздү сактагыла! Табият берген көрүү бактыбызды колдон чыгарбашыбыз керек”

Ааламдагы жарыкчылыкты тартуулай алган бир кичинекей орган бар. Ал – көз. Өзү кичинекей болгону менен өтө татаал түзүлүшкө ээ болгон көз органы, анын адамдын жашоосундагы ролу ж.б. тууралуу биз Саламаттыкты сактоонун мыктысы, ИИМдин Медицина башкармалыгынын жогорку категориядагы көз дарыгери Идирисова Бактыгүл Турсункожоевна менен маек курдук.

-Бактыгүл Турсункожоевна, эмне үчүн көз дарыгери болууну чечтиңиз эле, алгач кепти ошондон баштасак?

-Мен ата-энемдин түрткүсү менен бала кезимден эле дарыгер болууну самап жүрчү элем. Атам эмнегедир бул кесипти жактырып, «кыздарым дарыгер болушса» деп кыялданып калчу. Орто мектепти аяктаган жылы атам мени Кыргыз мамлекеттик медицина институтуна (азыркы Академия) алып келди. Ал кезде сынак абдан татаал болчу, ошентип өз күчүм менен сынактан «4». «5» деген баалар менен өтүп кеттим. 4-курста окуп баштаганда предметтер боюнча сабактар башталып, бизде кайсыл тармактын дарыгери болууну тандоо турат. Кайсыл дарыгер болууну ойлонуп жүргөн учурда 5-курста бизге офтальмология сабагы кирип, Валентина Усенко аттуу окутуучу аял бизге сабак берип калды, ал бизди көз боюнча укмуш окутту. Көз ушунчалык бир табышмактуу, адам билбеген көп жактары бар орган экенинен, өзү кичинекей болгону менен эмне деген гана оорулары бар экенинен кабардар болдук. Ошентип бул кесипти тандап, көз дарыгери болуп иштеп жатканыма 40 жыл толуп олтурат.

-Эми сиз айткандай табышмактуу көз органына келсек. Көздүн адамдын жашоосундагы ролу тууралуу айтыңызчы?

-«Адамдын күзгүсү – көз» деп бекер жеринен айтылбаган чыгар. Көрүү-бул табият берген бактылуулук, белек. Биз көз аркылуу айлана-чөйрөнү таанып билебиз. Көз өзү кичинекей, өтө татаал, мээ менен байланышкан орган. Биз алгач көрөбүз, көз аркылуу сырткы чөйрөдөгү маалыматтын баары мээге берилет. Сырткы чөйрөнү көбүрөөк билүү, таануу, түстөрдү аныктоо-мунун баары көз аркылуу жүргүзүлөт.

-«Көздөр үнсүз сүйлөшүп…», «көзү эле айтып турду..», «көзүнөн байкалды…» деп айтып калабыз жашоодо. Бул адамдын эмоциясыбы же көздүн касиетиби?

-Бул көздүн касиети. Эмоция деген көз аркылуу берилип жатпайбы. Мен жогоруда айтып өткөндөй, көз мээ менен түздөн-түз байланышып турат. Мээде алынган маалымат синтезделип, биз образды алабыз, адамдын эмоциясы көрсөтүлөт. «Көзүң киртийип калыптыр, ооруп калдыңбы?» деп көз аркылуу адамдын ал-акыбалын да билип турабыз. Ички органдар ооруса да, кант диабети, кан басымы көтөрүлгөн учурда ж.б. баары көз аркылуу билинип турат. Бул боюнча «иридодиагностика» деген өзүнчө илим бар: көз аркылуу көп нерсени билсе болот. Басып өткөн эмгек жолумда түрдүү оорулууларды кабыл алып келем. Арасында «Сокур болгондон көрө өлүп калганыбыз артык эле…» деген көзү азиз адамдар бар. Көркөм адабияттарды барактап көрсөк, илгерки падышалар кылмышкерледи эң катуу жазага кантип тартышканына күбө болобуз. Тактап айтканда, алардын көздөрүн чукутуп коюшкан… Көз-адам баласы үчүн эң касиеттүү нерсе дейт элем.

-Кайсыл көз оорулары кеңири тараган? Заманга жараша жаңы пайда болгон көз оорулары барбы?

-Көздүн дарты абдан көп. Биздин кызматкерлер арасында кеңири тараган көз оорулар тууралуу айтсам: курч кармаган инфекциялык оорулар көп. Бул коньюктивит оорусу-көздүн сырткы чел кабыгы сезгенген учур. Анын себеби, жол коопсуздугун камсыздоо, кайгуул-күзөт кызматкерлери, милициянын кайгуул кызматкерлери сыртта өтөп жүрүшкөндүгүнө байланыштуу. Айрым учурларда өздүк гигиена сакталбайт, абадагы чаң, кызыл-көк нурлардын (ультрафиолетовые лучи) таасири алдында жүрүшөт. Экинчи эң коркунучтуу оору-глаукома. Бул-көздүн кан басымынын көбөйүп кетиши. Бул оору эмнеси менен коркунучтуу? Биринчиден, эч качан адамга сезилбейт, билинбейт. Ошентип жүрүп эле адам бир күнү сокур болуп калат. Илгери «карама сокур» деп койчу тура, карап эле турат, бирок көзү көрбөйт. Анткени, ал адам глаукома менен ооруган. Дагы бир оору — сары тактын дистрофиясы (желтое пятно)-кан жакшы жүрбөй калган убакта кезигет. Кызматына байланыштуу биздин кызматкерлер айрым учурларда денесинен, анын ичинде көзүнөн жаракат (травма) алып, көздөрүнө кан толуп кеткен учурлар кездешет.
Аны менен бирге кант диабети, гипертония оорулары да көзгө таасир этет. Айрыкча кант диабетинин көзгө таасири чоң, убагында аныктабаса адамдын көзү көрбөй калуусуна жеткирет. Аны менен бирге милиция кызматкерлеринин арасында алыстан көрүүдө көздүн начарлашы көп кезигүүдө. Бул эмне себептен? Азыр деген маалыматтык технологиянын заманы, компьютер, уюлдук телефон ж.б. бөлүнүп чыккан нурлардын кесепети тийип жатат. Заманга жараша жаўыдан пайда болгон көздүн оорусу тууралуу айта кетсем, ал — «кургак көздүн синдрому». Мурда мындай оору дегеле болгон эмес, бул көздүн сырткы чел кабыгынын кургап калышы дегенди билдирет. Мунун себеби да компьютерди көп тиктөө, компьютерден бөлүнүп чыккан нурлар көздү кургатып коет. Бул оорунун белгиси-адамдын дайыма көзү кургап турат. Бейтап чарчап эле көзүн жумгусу келе берет, көздүн ичи ооруп, ага баштын оорусу да кошулат. Эгер бейтап өз учурунда туура дарыланса, жакшы болуп кетет.

-Кенебестикке салып жүрүп көз ооруну пайда кылган учурлар барбы?

-Жогоруда мен айткан учурлардын баары эле кенебестиктен улам келип чыгат. Эң негизгиси адам жашы 40тан ашкандан кийин дарыгерге келип көзүнүн кан басымын текшертип туруусу зарыл, бул глаукоманын алдын алат. Кечке чейин компьютерде олтурса адам, анан үйүнө барып жатып алып уюлдук телефонун караса, көздүн көрүүсү начарлашы турган иш. Азыр жаш балдардын арасында алыстан көрбөй калуу, кургак көздүн синдрому көп кездешип жатат.

-Алысты жакшы көрө албаган айрым адамдар көз айнек тагынгысы келбей жүргөнүн көрүп эле жүрөбүз. Бул көздүн ого бетер начарланышына алып келсе керек?

-Негизи алыстан көрбөгөн адамдардын дарылануусу-көз айнек тагынуу. Көз айнек такпаган учурда көздүн көрүүсү улам начарлай берет. Андай учурда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. 25 жашка чейин негизи көздү дарыласа болот, андан кийин көздүн булчуңдары катый баштайт. Ал учурда биз берген тамчылатма дарылар анча деле жардам бербей калат, анда сөзсүз көз айнек тагыныш керек.

-Кантип көздүн көрүүсүн жакшыртса болот? Адис катары кеңешиңизди уксак?

-Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн төмөнкү азыктарды колдонсо болот. Мисалы, кадимки эле кызыл кызылча. Анда жез, цинк, темир бар, мунун баары көздүн көрүүсүн жакшыртат. Экинчиси –сабиз. Сабизде каротин деген зат көп. Ал зат көздүн көрүүсүн жакшыртып, көздү азыктандырат. Ага кошумча цитрус өсүмдүктөрү ( лимон, мандарин) пайдалуу, жумасына 2-3 даана сөзсүз жеп коюш керек. Кийинкиси майлуу кызыл балык. Балыкта көзгө керектүү заттар көп, жумасына 300 грамм балык жеген абдан пайдалуу. Ага кошумча карагаттын мөмөсү көздүн курч болушуна абдан жакшы натыйжа берет. Аны менен бирге көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасай билүү зарыл. 45 мүнөт, 1 саат компьютерде иштедиўби, 10 мүнөт сөзсүз көздү эс алдыуу керек. Эў эле оўой көнүгүүнү айтып берейин азыр, жок дегенде ушуну жасасаўар көзүңөр эс алат. Бат-бат көздү ирмеп туруп, өйдө анан ылдый караш керек. Кайра көздү бат-бат ирмеп туруп, сол жакты, анан оң жакты карагыла. Андан кийин саат жебеси боюнча көздү айландырып, жыландын жүрүшү (изи) сыяктуу өйдө-төмөн кароо керек. Бул көнүгүүнү бир убакта 8 жолу жасап койсо, кадимкидей көздүн булчуңдары бошоўдойт. Же болбосо бир чекитти 30 секунд көз ирмебей карап, же көздү жуумп туруу керек.

-Жашыбыз 40тан ашкандан кийин баарыбыз «курагыбызга жараша» («возрастной») деп көз айнек тагына баштайт эмеспизби? Көздүн курчу кете баштады деп моюндасак болобу бул учурду?

-Ооба, биз ошентип «возрастной»-деп коебуз, жаш 40тан өткөндөн кийин көздүн жакындан көрүүсү начарлайт. Бул оору эмес, физиологиялык процесс. Адамдын көзүндө хрусталик же көздүн айнеги бар, ошол нерсе жаш кезде алысты же жакынды карасаң бат-баттан чоюлуп турат. Адамдын жашы 40тан ашканда ал көздүн айнеги катууланып калыңдай баштайт да, жакындан көрүү начарлай баштайт. Ошол үчүн көздү кыйнабай, «ушинтип көз айнек тагынып каламбы?» деп капаланбай, көз айнек тагынып алуу керек.

-Тукум куучулук көз ооруларынын арасында кездешеби?

-Негизи бардык эле көз оорулар тукум кууйт. Ата-энесинин көзү начар көрсө, алардын балдары да начар көрүп калат. Көбүнчө мындай нерсе энеден берилет. Глаукома да тукум кууйт. «Атам же апам глаукома болду эле» деп бизге келген бейтаптардын дароо көзүнүн кан басымын текшеребиз. Айрым оорулар адамдын генинде жатат, ал кандайдыр бир учурда пайда болуп калышы мүмкүн.

-Азыр кайда гана барбагын, компьютерде иштөөгө туура келет. Компьютерде иштеп жатканда атайын көз айнектерди тагынуу зарылбы?

-Компьютерден чыккан нур көздүн оболочкасына кичинекей жарака калтырат. Андыктан компьютер менен иштеген учурда атайын нурдан сактаган көз айнектер бар, ошону тагынуу керек же тамчылатма дарыларды колдонуу керек. Ушул жерде айта кетчү нерсе, биздин көчөдө иштеген кызматкерлер арасында көзгө эт өсүп кетүү учурлары көп. Бул күндүн нурунан (ультрафиолетовые лучи) пайда болгон дарт. Анан чаң көздү кызартып жиберет. Көз ушунчалык назик орган, кенедей бирдеме түшүп калса, аны чыгармайын жаны тынбайт. Мен дарыгер катары аталган кызматкерлерге күндөн коргоочу көз айнектерди тагынууну сунуш кылып келем. Ошол эле учурда кызматкерлердин жайкысын күндөн коргоочу көз айнек тагынуусуна уруксат берүүлөрүн алардын жетекчилигинен суранып кетээр элем.
Кебимдин аягында айтаарым: көз айлана-чөйрөнү таанып-билүүдөгү негизги куралыбыз. Көздөн кийинки жашоонун кереги деле жок, табият берген көрүү бактыбызды колдон чыгарбашыбыз керек, көзүңөрдү сактагыла демекчимин.

Ырысбүбү Сагымбаева

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости